"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

«Зордук-зомбулукка жана гендердик теңсиздикке каршы аракеттебиз»деген темада тегерек стол өтүлдү

16 Ноябрь 2019 жыл 15:05
Көрүүлөрдүн саны: 141

Тасма айылында «Гендердик теңчиликти жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтуу» долбоору аркылуу «Зордук-зомбулукка жана гендердик теңсиздикке каршы аракеттебиз деген темада тегерек стол өтүлдү.

Гендердик теңчилик боюнча тегерек столду өткөргөн Гулназ Жумагулованын айтуусунда «Гендердик теңчиликти жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтуу» долбоорунун алкагында бул былтыр ноябрдан бери иштеп баштады. Ушул долбоордун алкагында мурун дагы «Гендердик теңчиликти жамааттык жалпыга жайылтуу» деген темада айылдагы аялдарга тренинг өткөнбүз. Мында болсо ушул долбоордун алкагында биз тегерек стол өтүп жатабыз. «Аялдарга карата зордук-зомбулукту гендердик теңсиздикке каршы аракеттебиз» деген темада өтүлүп атат. Бул тегерек столдун максаты: Бир жылдык иш планды иштеп чыгып ошонун ишке ашырылуусу. Биздин тегерек столдо үч маселе көтөрүлдү. Гендердик зомбулукка каршы күрөшүүдө кыргыз мыйзамын окуп үйрөнүү, жергиликтүү кеңеште аялдарга берилүүчү 30%ды квотаны берүү жөнүндө окуп билүү, жергиликтүү жамааттардын гендердик зомбулукка каршы күрөшүүнү, биргелешкен иш планды иштеп чыгуу. Ушул иш планды иштеп чыгып, биз ушул иш-чараларды убагы менен өткөрүп турсак бизде ушундай көйгөйлөр аз болмокчу. Гендердик көйгөйлөр азайып кыйла иштерибиз дагы азаймак. Көп элдердин ден-соолуктары чыңдалат эле. Ушул иш-чараларды ишке ашырып турсак абдан жакшы болмок. Бул иш-чараны баардыгыбыз колго алдык. Бул жерде айыл өкмөт Курманбек Кайыков, аялдар кеңешинин төр айымы Гүлжамал Байботаева, мед айымдар, депутаттар, мектеп мугалимдери келди. Маселелерди көйгөйгө айланып кете электе ошолорду болтурбоо максатындагы иш-чараларды аткарып чыктык. Жалпы жонунан бүгүнкү тегерек стол өзүнүн максатына жетти деп эсептейм. Тегерек стол жигердүү катышуу менен жакшы өттү. Биздин адмнистрациянын кызматкерлерине жана бизди колдоп жаткан адамдарга абдан чоң ыраазычылыгымды билдирем. Биздин депутаттарга айыл тургундарга да чоң рахмат. Баардыгыбыз жакшы топ менен иштеп ушул пландарыбызды келээрки жылы ушул пландын негизинде иш алып барууга даярбыз» деп айтып өттү Гулназ Жумагулова.

Аялдар кеңешинин төр айымы Гүлжамал Байботаеванын айтымында «Бүгүнкү тегерек столдо көптөн бери адамдардын жүрөгүндө көйгөй болуп келген эң алгылыктуу маселе көтөрүлдү. Ачык айкын туура сүйлөшүп маселелерди чечтик. Бүгүнкү тегерек стол өз максатына жетип отурат. «Гендердик теңчиликти жамааттык жалпыга жайылтуу» деген темада биз дагы айыл тургундарын жана баардык адамдарды чогултуп жыйналыш өткөрөлү деп ойлоп атабыз. Ушул сыяктуу окуучуларга да жыйналыш өткөрөлү дедик. Тегерек стол өз убагында бизге жакшы жаңылыкты алып келди. Тегерек столду өткөргөн Гулназ Жумагулова дагы терең иликтеп өз убагында элге жеткиликтүү кылып алып бара алды»деп айтып өттү Гүлжамал Байботаева.


Бүгүнкү тегерек столдун катышуучусу Карасаев айылдык кеңешинин төрагасы Абдышов Жалилдин айтуусунда
«Бүгүн гендердик теңчиликти жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтуу долбоорунун алкагында тегерек стол өттү. :Аял кишилерге карата зордук- зомбулукка жана гендердик теңсиздикке каршы аракетибиз» деген темада тегерек стол өткөрүлдү. Бүгүнкү тегерек стол өтө натыйжалуу үзүрлүү өттү, керектүү материалдары элге түшүнүктүү болду десем жаңылышпайм. Анткени, азыр мыйзамды элдин көбү билишпейт. Азыркы учурда бул тема эң көйгөйлүү темалардын бири. Биз айыл жергесинде жашагандыгыбыздан ушундай көйгөйлөрдү көтөрүп чыкпайбыз бунун залакасы аял кишилерге тиет жана жаш өспүрүмдөргө терс таасирин тийгизип жатат. деп билдирди Жалил Абдышов.

Даярдагандар: Аяна Айбек кызы, Аяна Элеманова, Гүлназ Жумагулова, Эржан Мирлан уулу