"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Асан Сопиев мектебинде спорттук иш чара болуп өттү

22 Ноябрь 2019 жыл 4:54
Көрүүлөрдүн саны: 96

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылынын А.Сопив атындагы орто мектептин окуучулар арасында «Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө» карата эстафета өтүлдү. Аталган оюнга 8-11класстар катышып,таймашышты.

Аталган мектептин география мугалими жана калыстар тобунун мүчөсү Ороз Саадабаевдин айтуусунда » СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата эстафета уюштурулуп, эстафета жакшы деңгээлде өттү. Оюндун турлары да кызыктуу болду. Абдан чоң эмоция менен катышышты. Өзгөчө көрүүчүлөргө абдан кызыктуу болду. Мыкты даярдыктарды көрдүк. Ар дайым ден-соолукта болушсун. Жылда ушундай конкурстар болуп турсун. 11-класс жакшы катышып, 1-орунду ээлешти»деп айтып өттү Ороз Саадабаев.

Сопиев мектебинин дене-тарбия мугалими Кылыч Кеңешбековдун айтымында «Бүгүнкү СПИДке каршы эстафета жакшы деңгээлде өттү. Буга чейин дагы ушул сыяктуу конкурстар, эстафеталар өтүлүп турчу. Мына бүгүн дагы СПИДке каршы эстафета өттүлдү. Окуучулар мыкты деңгээлде даярданышыптыр. Өзүлөрүнүн шамдагайлыгын, күчтүүлгүн көрсөтүштү. Көрүүчүлөр дагы өзүлөрүнүн класстарына күч, дем берип турушту» деп айтып өттү Кылыч Кеңешбеков.

11-классынын окуучусу Элтуран Акеновдун айтуусунда » СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата уюшулган спорттук иш-чара жакшы өттү. Атаандаштар да күчтүү болду. Ошого карабастан жеңишке жетип отурабыз. Толкундануу деле болгон жок. Себеби, биз буга чейинки конкурстарга катышып жүрчүбүз. Дагы буюрса катышып, көптөгөн ийгиликтерге жетишебиз деп ойлойм » деп айтып өттү Элтуран Акенов.

Уюштуруучу мектеп приздиенти Нуржанат Советбек кызынын айтуусунда «Бул иш чаранын максаты: окуучуларды таза, сергек жашоого үндөө. Бул оюн чейрек сайын «Аваз»уюму тарабынан откозулуп турат. Ал эми бүгүнкү оюнда окуучулар жакшы таймаш көрсөтүштү. Жыйынтыгында шамдагайлыгы менен 1-орун 11-класс, 2-орун 9-класс, 3-орун 10-класс болду» деп айтып өттү

Даярдагандар: Аяна Айбек кызы, Аяна Элеманова.