"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Асан Сопиев мектебинде «Айтматовду окуйбуз» деген темада тарбиялык саат өтүлдү

12 Декабрь 2019 жыл 16:29
Көрүүлөрдүн саны: 85

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылындагы А.Сопиев мектебинде Айтматовдун туулган күнүнө карата тарбиялык саат өттү. Тарбиялык саатты 4-классынын жетекчиси Элзат Эсенгелдиева өткөрдү.

4-классынын жетекчиси Элзат Эсенгелдиеванын айтуусунда «Бүгүн 12-декабрь кыргыз элинин алп жазуучусу Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун туулган күнүнө арналган тарбиялык саат өткөрдүм. Тарбиялык сааттын темасы «Айтматовду окуйбуз». Балдар жазуучунун чыгармаларын окуп, өздөштүрүүсү, ар бир окуучу Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарды жүрөктөрү аркылуу элестетип, дубал газеталарды жасап, чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышты. Жазуучунун туулуп өскөн айылы, жашаган үйү жана музейлери менен слайд аркылуу танышышты. Көптөгөн чыгармаларды көркөм айтып, жакшы жигердүү катышышты. Мындан ары дагы көптөгөн чыгармаларын турмушта жакшы жактарын алат деген ойдомун» деп айтып өттү Элзат Эсенгелдиева.

4-классынын окуучусу Насирет Керезбаеванын айтымында » Биз бүгүн Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата тарбиялык өттүк. Тарбиялык саат жакшы деңгээлде өттү. Мен Чыңгыз Айтматов жөнүндө мурункудан да көбүрөөк маалымат ала алдым. Мен ырдап, бийлеп жатканда толкундоо болду. Себеби тарбиялык саатка көптөгөн окуучулар, мугалимдер катышышты» деп өз оюн айтып өттү Насирет Керезбаева.

Тарбиялык сааттын көрүүчүсү Завира Атантаеванын айтуусунда «Бүгүнкү «Айтматовду окуйбуз» атту тарбиялык саат жакшы жогорку деңгээлде өттү. Окуучулар да жигердүү катышышты. Бул тарбиялык сааттын аркасы менен окуучулар Чыңгыз Айтматов жөнүндө жакшы маалыматтарды дагы билип алышты деген ойдомун» деп айтып өттү Завира Атантаева.

Даярдаган: Аяна Айбек кызы