"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылында 25-ноябрдан 10-декабрга чейин зордук-зомбулукка каршы иш чаралар өткөрүлдү

13 Декабрь 2019 жыл 5:06
Көрүүлөрдүн саны: 80

Ысык-көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылында Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу зордук-зомбулукка каршы түз эфир, тегерек стол, зомбулукка каршы 16 күндүк акция өткөрүлдү. Бул иш чараны Нур Fm ЖМБ нун жетекчиси Гүлназ Жумагулова өткөрдү.

Түз эфирде азыркы учурда зордук-зомбулук болуп жатабы? Аларга кандай жардам көрсөтөбүз? Зордук-зомбулукту кантип жоюу керек? ушул суроолор жөнүндө талкуу болду. Туз эфирге ак сакалдар кеңешинин төрагалары, А.Сопиев атындагы орто мектептин директору, ак сакалдар сотунун төр айымдары, айылдык депутаттар жана айымдар кеңешинин төр айымдары катышышты.

«Аялдарга кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы аракеттебиз» деген темада тегерек стол өтүлдү. Тегерек столдо коргоо ордери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын презентациялары, видео роликтер, ченемдик укуктук актылар көрсөтүлдү. Айыл өкмөтү, мугалимдер, айыл тургундар келип зордук-зомбулук жөнүндө өз ойлорун айтып, көмөк көрсөтүштү.

Андан сырткары Асан Сопиев мектебинде «Зомбулукка каршы 16 күндүк акцияга» карата видео роликтер көрсөтүлдү. Окуучулар өзүлөрүнө тийиштүү тарбиялык мааниси зор нерселерди ала алышты жана ошол жерден талкуу жүргүзүп, келечекте кандай жашоодо жашаш керек экенин билишип, жакшы нерселерди өзүлөрүнө ала алышты десек жаңылышпайбыз.

Бул иш чара «Гендердик тенчиликти жамааттык ЖМКлар аркылуу жайылтуу» долбоорунун алкагында жургузулуп жатат. Долбоор БУУнун Демократиялык Фонду тарабынан колдоого алынган.

Даярдагандар:Аяна Айбек кызы.