"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп районунда “Китепкөй муун-жаркын келечек” аталышындагы китеп окуу конкурсу өттү

14 Декабрь 2019 жыл 19:43
Көрүүлөрдүн саны: 99

Ысык-Көл областынын Түп районунда жаштар арасында китеп окууну даңазалоо жана билим алууга кызыктыруу максатында Түп районунун мектеп окуучулары арасында тест өтүлдү. Тест Чынгыз Айтматовдун “Ак кеме” повести боюнча берилди.

Ушул конкурстун демөөрчүлөрүнүн жана уюштуруучулардын бири Табылды Муратбековдун айтуусунда “Бүгүнкү тест “Китепкөй муун-жаркын келечек” аталышында залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде өттү. Ага район боюнча 251 окуучу катышышты. Тестте 100 суроо болду. Ошонун жыйынтыгы аныкталат анан жакынкы күндөрү сыйлоо аземи Түптөгү маданият үйүндө болот. Тесттен кийин китеп жарманкеси болду. Ар ким өзүнүн жактырган китептерин өз баасында ала алышты. Андан соң семинар болду. “Бир адамдан бир китеп” долбоору жөнүндө дагы түшүнүк берип кеттик” деп атйып өттү Табылды Муратбеков.

Бүгүнкү конкурстун уюштуруучуларынын бири Перизат Бектурганованын айтуусунда “Бул конкурсту Түптүк ага-эжелердин аркасы менен уюшулуп жатат. Демөөрчүлөр дагы Түптүк ага-эжелер өзгөчө Табылды Муратбеков агабыз. Бүгүнкү тест биздин ойдогудай өттү жана өз максатына жетти деп ойлойм. Биз ойлоп атканбыз бир эле этап болот деп. Бирок экинчи этапты да өткөрмөй болдук. Себеби окуучулар жакшы деңгээлде даярданышыптыр деп билдирди Перизат Бектурганова.

Бүгүнкү тесттин катышуучусу Аяна Айбек кызынын айтуусунда “Бүгүнкү тест абдан жакшы деңгээлде өттү. Тестте 100суроо болду. Тесттен кийин семинар жана китеп жарманкеси болду. Биз өзүбүз жакшы көргөн китептерди ала алдык. Семинарда дагы өзүбүзгө таасир этүүчү жакшы нерселерди ала алдык. Биздин ага-эжелерибиз дагы өзүлөрүнүн башынан өткөндөрүн айтып беришти. Бул конкурс мени китеп окууга да чоң салымын койту десем жаңылышпайм. Мен үчун бул күн эң жакшы күндөрдүн бири болду” деп айтып өттү.

Даярдаган: Аяна Айбек кызы.