"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Айыл жергесиндегилердин уюлдук телефонго көз карашы

15 Декабрь 2019 жыл 21:04
Көрүүлөрдүн саны: 143

Азыркы жаштар телефонду көп колдонушат телефондун зыян жактары өтө көп. Психикасы бузулат китептер окулбай калган. Таасирдүү жактары да бар өзүлөрүнө керектүү маалыматтарды табып алышат алыстагы туугандары менен баарлаша алышат


Тасма айылын тургуну Гулиза Сакбаеванын айтуусунда «Азыр телефонду баары тең өтө көп колдонушат»
«Азыр баардыгы тең телефонду көп колдонушат телефондун жакшы жактары да бар бирок терс жактары өтө эле көп. Жакшы жактары биз өзүбүзгө керектүү маалыматты бат эле таап алабыз жана алыста жүргөн туугандарыбыз менен баарлаша алабыз. Терс жактары болсо балдардын баары телефонду көп колдонушуп сабактары жактарынан начарлай башташты. Китеп окушпайт сүйлөө жагынан өтө начар болуп калды адамдар менен да көп сүйлөшпөйт телефон кармап отурушуп. Телефондун айынан көп оорулар болуп жатат көздөрү ооруп атат кечке чейин телефон кармашып. Телефон кармап баратышып жол кырсыктары да болуп жатат наушник менен да бара датышып
эч нерсе укпайт жана башка көп зыян жактары бар» деп билдирди

Тасма айылынын Асан Сопиев орто мектебинин 9-классынын окуучусу Касиет Жеңишбекованын айтуусунда
«Телефондун пайдалуу жактары өзүбүзгө керектүү жакшы маалыматтарды ала алабыз көбүнчө мектептен берилген тапшырмалардын жообун таба албай жатсак интернеттен карап оңой эле жоопторун табып алабыз. Терс жактары болсо телефонду көп колдонуп сабактрдан телефон кармап отуруп мугалим өткөн теманы да көп түшүнбөй калышат жана ошондой эле баарын телефондон сүйлөшүп жатып мындай көп сүйлөшүшпөйт. Көп оорулар болуп жатат. Кээ бирлер өзүлөрүнө кереги жок психикасын буза турган нерселерди да көрүшөт жана оюндарды ойношот. Мектептерде телефон алып барууга руксат берилбейт.»деп билдирди мектеп окуучусу
Аталган айылдын тургуну Амантур Жумановдун билдирүүсүндө
«Азыр телефондун жана интернеттин бары жакшы бирок жаман жактары да бар телефондун жана интернеттен биз көп жакшы нерселерди ала алабыз. Терс жактары баардыгы телефон кармашып китептер окулбай калды баардыгы тең телефондон көрүшөт сын алгылар да көп көрүлбөй калды» деп билдирди айыл тургуну
Даярдаган: Жибек Мелисова