"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада «Hур FM»дин жааматы лотерея ойнотушту

30 Декабрь 2019 жыл 20:35
Көрүүлөрдүн саны: 104

Ысы-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылында «Нур FM» Жааматтык мультмеди борборунун кабарчылары лотерея ойнотушту. Лотореяга айыл тургундары кызыгуу менен катышышты.

«Hур FM» ЖМБ жетекчиси Гүлназ Жумагулованын айтуусунда «Нур FM» мультимедиялык борбордун уюшкандыкта алып барган лотериясын мага абдан жакты жана жетекчи катары мен «Нур fm» дин бүгүнкү даярдыктарын жана ушундай уюшкандыкта алып барганындыгына
чоң ыраазычылык билдирет элем келечектерине ушу келаткан жаңы жылы жалаң жакшылыктарды окууларына ийгиликтерди каалап кетмекчимин. «Нур fm» мультимедиялык борбордун жаңы кошулган кабарчылар жана мурда иштеп жүргөн кабарчылардын да эмгектерин эске алып аларга диплом грамоталары менен бирге демөөрчү болуп жүргөн Мадемилова Дамира эжеге дагы ыраазычылык кат бердик. Биздин 30- декабрда болуп өткөн чакан концерттик программа жана лоторея сатылган 20 лотерея байгеге ээ болушту, абдан кызыктуу өттү. Мындай лоторея жылда болуп турсун жана биздин айыл аймакта жашап жаткан тургундар келип ушундай биздин чакан кыздарыбыз даярдап турган жылда өтүүчү лотореяга катышып колдоп биздин валантёрлорду колдоп кетүүсүн өтүнөт элем. Кыздардын келечектери кең болсун өмүрлөрү узун болсун келе жаткан жаңы жылы жалан ийгиликтер коштоп турсун демекчимин деп айтып өттү жана жакшы каалоолорун айтып өттү «Нур fm» мультимедия борборунун жетекчиси.

Лотереянын оюнчусу Фериде Тапчылованын айтуусунда » Бүгүн Нур Fm ЖМБу концерттик программада лоторея ойнотушту. Лоторея жакшы деңгээлде өттү. Мен эки билет алгам анын бирөөсү чыгып торт алдым. Нур Fm ЖМБнун кабарчыларына чооң рахмат. Дагы да ушундай нерселерди өткөрүп турушун каалайм» деп айтып өттү Фериде Тапчылова.

Нур FM ЖМБ нун кабарчысы уюштуруучу Нуржанат Советбек кызынын билдирүүсүндө:
«Бул «Нур FM-лото»оюну быйыл үчүнчү ирээт өткөзүлүп жатат. Анда, кызыктыруучу жаңы жылдык белектерди коюп, айыл тургундарына жаны-жылдык маанай жартуулайбыз. Быйылкы жылдагы лотореяда көбүн эсе белекке ээ болушту, андан сырткары жамаат тарабынан дайындалган концертке күбө болушту» деп билдирди.
Даярдагандар: Аяна Айбек кызы, Аяна Элеманова, Жибек Мелисова.