"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Сүттүн баасына элдердин көз карашы

24 Январь 2020 жыл 9:50
Көрүүлөрдүн саны: 155

Ысык-Көл областынын Түп районуна карштуу Тасма айылында сүттүн баасы 23 сомдон болуп жатат азыркы сүттүн баасына элдердин жай мезгилинде наарзычылыгы жок экенин жана кыш мезгилинде наарызычылыгы бар экенин билдиришти

Тасма айылынын сүт алып иштеген эже өз оюн төмөндөгүдөй билдирди (атын айтуудан баш тартты)
«Азыр суттун баасы 23 сомдон болуп жатат. Мен 16 кишинин сүтүн алам. Азыркы сүттүн баасына элдердин нааразылыктары жок мурун жайында сүт 12 ден болуп жатканда элдердин нараазычылыктары болуп жаткан. Азыр суттун баасына нараазычылыктар жок» деп билдирди сут алып иштеген эже
Тасма айылынын тургуну сүт өткөзүүчү Ишенбиева Кызылкүл өз оюн төмөндөгүдөй билдирди


« Азыркы сүттүн баасы 23 сомдон болуп жатат . Азыр биздин элчилик турмушка караганда сүтүбүздүн продукциясына дагы өйдөлөтсө болот эле. Азыркы суттун нараазычылыгым жок 23 сомго чыкты » деп билдирди айыл тургуну Кызылкүл Ишенбиева
Тасма айылынын тургуну Кыдырбаева Лизанын айтуусунда «Сүттүн баасына нааразы экендигин билдирди»
«Сүтүн баасынын көтөрүлүшү айласы жок көтөрүлөт анткени сүттөр азайды жана коюланды ошол себептен айласы жок көтөрүп жатышат. Сүттүе баасы азыркы учурда 23 сом болуп жатат. Ушу сүттүн баасын 23 сомго аран дегенде көтөрүшөт Сүттүн баасын мындан июнь,июль, август, сентябрь айларын да эле ушу 20 сомго көтөрүп койсо карапайым элдер бир гана сүттү карап отурушат ушу биз курактуу айымдар ошолордун баары сүт кичине кымбаттаса үйлөрүнө көп нерселерди алып кичине майда чүйдө нерселерин алып алышати эле. Сүт көп болуп турган убакытта сүттү арзан алып коюшат,анан кайсы сүт азайып кенедей 1-2 литр сүт төгүп калганда анан 20 сомго чыгарып коюшат. Азыркы сүттүн баасына мен нааразымын азыркы сүттүн баасын эмне себептен нааразы болуп атабыз? Сүттүн баасы деген 23 сом болуп турат 23 сом деле ошого талапка жооп бербейт. Анткени азыркы сүттөр кою эмнедеген каймак чыгат анан аз төгөбүз жайга салыштырмалуу мага азыркы сүттүн баасы деле туура келбейт мен жактырбайм» деп билдирди айыл тургуну

Даярдагандар: Жибек Мелисова, Аяна Элеманова