"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылында айымдар арасындагы ынтымакты бекемдөө үчүн касса ойношот

24 Январь 2020 жыл 10:03
Көрүүлөрдүн саны: 72

Аталган айылда айымдар бири биринин ортосундагы мамилени бекемдеш учун ар бир айым чай берет.Айылдагы болгон жаңылыктарды айтышып, өзүлөрүнүн дагы сырлары менен бөлүшүшөт. Кассаны жаш айымдар гана ойнобостон кемпирлер да ойношот.

Айыл тургун Гулжан Жумабекованын айтуусунда «Биз бул кассаны жөн эле ойной бербейбиз. Себеби, айылдагы айымдардын мамилесин, ынтымагын бекемдеш үчүн ойнойбуз.Өзүбүздөгү болгон сырларды, жанылыктарды да бөлүшүп турабыз.Азыркы учурда айылдагылар айылдан эч жерге чыкпай эле жүрүшөт, жөн эле жүрө бербей бири бирибиз менен баарылашып туруу максатында да ойнойбуз» деп айтып өттү айыл тургун»

Аталган айылдын тургуну Жекшекан Дубанаеванын айтуусунда «Аялдар бири бири биздикине киришип чыгышып чай ичебиз анан ошону «касса» деп атап коёбуз. Биз бир айда бир жолу чай беребиз .Кээ бирлери оокаттан да чарчап жүргөнү бар. Кечке эле оокат кылып жүрө бербей, биз дагы күлүп жайнап өткөн кеткенди эстеп чай ичип туралы деген максат менен ойнойбуз. Үйдө эле буулугуп отура бербей, айылда болуп жаткан жаңылыктарды айтышып тургубуз келет деп айтып өттү Жекшекан Дубанаева»

Даярдагандар: Аяна Айбек кызы, Жибек Мелисова.