"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылында райондук деңгээлде «Грек-рим» күрөшү боюнча турнир өтүлдү

15 Февраль 2020 жыл 19:22
Көрүүлөрдүн саны: 128

Тасма айылында райондук деңгээлде «Грек-рим» күрөшү болуп өттү. Турнир «КРнын эмгек сиңирген мугалими» Асан Сопиев жана Ооган согушунун ардагери Асанбек Жакыпбаев, Баткен согушунун катышуучусу Аваз Дүйшөбаевдин жаркын элесине арналды. Спорттук мелдеш Тасма айылынын атуулу Тилекмат Атагулов жана спортчулардын демилгеси менен болуп өттү.

Асан Сопиев орто мектебинин дене тарбия мугалими жана турнирдин уюштуруучусу Тилекмат Атагуловдун айтуусунда «Жаш муундарды спортко тарбиялоо жана айыл арасындагы ынтымакты чыңдоо максатында өтүлдү. Турнирди жылда өтүп турчубуз райондук областык деңгээлдерде, мурун бүтүп кеткен спорт менен машыккан окуучуларыбыз ушундай демилге көтөрүшүштү. Жети-Өгүз, Ак суу, Каракол жана Түп районунан да келишишти. Баардыгы жыйырма команда келди. Турнир жылдан жылга жакшы дегээлде келе жатат. Быйыл райондук болсо эмки жылдары буюрса балдар Республикалык мелдеш өткөрөбүз деп турушат» деп билдирди Тилекмат Атагулов.

Бүгүнкү турнирдин калысы Жоомарт Акылбек уулунын айтуусунда «Турнир калыстыкта өтүп жатат. Тирнирге район боюнча чакырганбыз беш район келди беш район катышып жатат. Оюнчулардын баары жакшы деңгээлде даярданышыптыр. Турнир күчтүү даражада өтүп жатат» деп билдирди Жоомарт Акылбек уулу.

Тилекмат Атагуловдун спортчуларынын бири Ынтымак Кенжебековдун айтуусунда
«Бул оюн Тасма айылынын күрөшүнүн түптөлүшү 2008-жылы башталган биринчи 1996-жылы биз баштаганбыз 2008-жылдан бери 12-жыл болуптур. 12-жылдан бери бүтүрүүчүлөр күрөштөн тарбия алып күрөшүп ийгиликке жеткен спортчулар биригип Аваз Дүйшебаевди, Асанбек Жакыпбаевди, Асан Сопиевди эскерип турнир уюштуралы деп чечтик. Айыл арасындагы ынтымакты чыңдоо жана ошондой эле баардыгын ынтымакка чакыруу жана тажрыйба алмашуу максатында өтүлдү» деп билдирди Ынтымак Кенжебеков.

Даярдагандар: Аяна Айбек кызы, Аяна Элеманова, Жибек Мелисова.