"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Карасаев айыл өкмөтүнө тиш догдур келип иштөөдө

18 Февраль 2020 жыл 16:22
Көрүүлөрдүн саны: 99

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылында тиш дарыгер иштеп, ага элдер ыраазы. Карасаев айыл өкмөтүндө жашагандарга ыңгайлуу күнүнө үч төрттөн келип тиштерин жасатып кетишет айыл тургундарына бул ылайыктуу тиштери ооруганда алыс жакка бара албай жатышса өздөрүнүн айылдарынан тиштерин жасатып алышат.

Тасма айылынын тиш жасап иштеген Нурбек Кубандыковдун айтуусунда
“Мен окууну бүткөнүмө жети сегиз жыл болду. Кесиптик окууну бүткөнүмө беш жыл болду. Мен “ Кара-Балта” медициналык колледжин бүткөм Колледжде үч жарым жыл окугам. Ушул кесип менен иштеп жатканыма беш жыл болду.Айылга келип иштегениме аз эле болду.Жай мезгилинен бээри иштеп жатам. Күнүнө үч, төрттөн кишинин тишин даарылап жатабыз. Айлыгым өзүмдүн иштегениме жараша болот, өзүм канча иштесем ошончо алам” деп билдирди Нурбек Кубандыков

Тасма айылынын тургуну Гулиза Сакбаеванын айтуусунда
“Айылга тиш догдурдун келип иштегени абдан жакшы болду. Биз мурун тишибиз ооруганда шаарга жете албасак тишибиздин ооруганына чыдап, жасатпай жүрчүүбүз. Азыр каалаган убагыбызда барып тишибизди жасата алабыз. Айылыбызга тиш догдурдун келгени айылдагыларга жакшы болду. Айылыбызда тиш догдурдун бары жакшы элдер тиштерине жакшы көңүл да буруп калышат деп ойлойм. Мурун шаарга бара албай тиштер көп каралчуу эмес” деп билдирди айыл тургуну

Даярдаган: Жибек Мелисова