"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Афган ардагери Тилек Бакачиев менен маек

26 Февраль 2020 жыл 18:32
Көрүүлөрдүн саны: 118

Тогуз жылдан ашуун убакытка созулган Афган согушу көптөрдүн көңүлүнүн үшүн алган трагедия катары тарыхта белгилүү. Кыргызстандан Ооган согушуна жети миңден ашуун аскер жөнөтүлгөн эле. Алардын 252си курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайтышкан.


Аталган согушка Тасма айылынан төрт адам катышкан.Алардын бири Асанбек Жакыпбаев 55 жашында согуштан алган жаракаттарынан улам көз жумган.
Аталган согуш ардагерлеринин бири Тасма айылынын тургуну Тилек Бакачиев менен маек курдук.
-Саламатсызбы?
— Саламатсыздарбы.
— Сиз Афган согушуна кимдер тарабынан чакырылгансыз?
— Биз Афган согушуна катышып калуубуз, приказдын негизинде болгон. Окуган окум « Гвардейский полкто»механик айдоочунун окусун окугам. Ошону менен эле практика бүткөндөн кийин Афган согушуна бардык.

-Канча жыл согушта болдуңуз?
-Мен өзүм армияга 1986-жылы чакырылгам.Күзгө чейин учевкада болуп,алты ай жүрдүк.Бир жарым жыл болдук.
-Согуш учурунда кандай кыйынчылыктар болду?
-Ал жерде көп кыйынчылыктар боду.Жоготуулар болду, көп күндөрүбүз кыйынчылыктар менен өттү.
-Өкмөт тарабынан кандай жардамдар көрсөтүлөт?
-Азыркы күндө өкмөт тарабынан алты мин сомдон алабыз.
— Маегиңизге ырахмат! Ден-соолукта болуңуз!
Даярдаган:Сезим Темирова