"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинин аталуу тарыхы

26 Февраль 2020 жыл 18:26
Көрүүлөрдүн саны: 277

Ысык –Көл областынын Түп районуна караштуу Асан Сопиев мектебинин аталуу тарыхына токтолобуз. Айылдык орто мектеп ардактуу атуул Сопиев Асан Сопиевичтин эмгеги менен атын алган.


Тасма айылындагы орто мектеп 1986-жылы Асан Сопиев агайдын демилгеси менен бир жыл аралыгында үч кабаттуу мектеп салынып бүткөн. Мектеп ишке берилгенден тарта Асан Сопиев жетекчилик кылып, мектептин иштерин алдыга жылдырган. 1993-жылы Асан Сопиев агайдын көзү өткөндөн кийин ысымы берилген.

А. Сопиев орто билим берүү мектебинин мугалими жана Сопиев агайдын уулу Сален Сопиевдин айтуусунда учурдун талабына ылайык мектепти бир жыл аралыгында салып, эмеректер менен камтыган дейт билдирүүсүндө:
“Асан Сопиев 1972-жылы жетекчиликке келген.Ал мезгилде мектепти стройкалык, капиталдык ремонттон өткөрүп ,мектеп салууга туура келген .Окуучулардын саны көбөйүп,ал учурда союз мезгили болгондуктан мектепти салууга өтө кыйын учур болгон.Ошол мезгилде мектепти салуу маселесин чече алган.Асан Сопиев агай1986-жылы мектепти салып баштаган.Бир жыл аралыгында 1987-жылы үч кабатту мектепти күч менен салып бүткөн.Анда жалгыз эле Асан Сопиевич эмес жалпы айылдын эли жапа тарткан,райондогу 36 мектептин мугалимдери келип иштеген.1987-жылы курулуп бүтуп 1-сентябрда эксплатацияга берилген.Мектеп ачылгандан бери учурдун талабына ылайык Түп районунда биринчи стандарттуу мектеп болгон.Мектеп ачылып эле коюш эмес ,мектептин ичиндеги мебелдер чет өлкөдөн алынып келген.”

Асан Сопиев орто билим берүү мектебинин география мугалими жана Асан Сопиевдин кесиптеши Ороз Садабаев өз сабагын мыкты билген агай экенин эскерет:
“Асан Сопиев агайыбыздын “Эмгек сиңирген мугалим” деген сыйлыгы бар.Анын эң башкы эмгеги калективди абдан мыкты иштеген мыкты жетекчи катары билем.Мен ал агай менен 7-8 жыл чогу иштешкем.Ушул мектептин курулушуна эмгеги абдан зор.Бул агай материалдык базасы күчтүү мектепти түзгөн агай болгон.Асан Сопиев агай биология мугалими болгон жана ал сабагын мыкты билчү.Мугалимдерге ачык сабактарды өзү өтүп берип андан кийин мугалимдерге өтүүнү талап кылчу.”

Асан Сопиевдин чөбөрөсү Каленов Адилеттин айтуусунда :
“ Менин чоң атам биз окуп жаткан мектепти салган. Анын көптөгөн сыйлыктары бар .Мен чоң атам менен сыймыктанам.Анткени, ал мектепти салган жана жакшы окутчу ,биология сабагынан берчү .”
Даярдагандар: Нуржанат Советбек кызы,Сезим Темирова, Сезим Көкүлбаева