"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: Айыл тургундарынын картошканын баасына болгон көз карашы

28 Февраль 2020 жыл 17:25
Көрүүлөрдүн саны: 132

Айыл-аймактарда тургундар көбүн эсе дыйканчылык менен алектенгендиги белгилүү. Дыйкандар картошканы эмгек менен себип, жыйнаган. Учурда картошканын баасы эмгектерин актабай жаткандыгын айтышса, кээ бир тургундар баасы «жакшы» деген ойлорун билдиришет.

Тасма айылынын тургуну Завира Атантаева картошканын баасына көз карашым жакшы деп билдирет.

«Менин картошканын баасына болгон көз карашым жакшы. Себеби быйыл картошканын баасы жакшы көтөрүлдү. Былтыр 6 сомдон саттык. Быйыл кармадык бир аз 10 го көтөрүлдү. Буюрса жакшы эмгегибиз акталды» деп билдирди.

Аталган айылдын тургуну Кубат Сулаймановдун айтуусунда » Картошканын баасы кичине арзан болуп жатат. Биздин эмгегибиз акталбай калууда. Быйыл 6 сомдон саттым. Азыр болсо 10сомго көтөрүлдү. Буюрса жакшы көтөрүлүп келе жатат» дейт айыл тургун.

Картошка сатып алуучулардын бири Назарбек Калиевдин айтуусунда «Картошканы мен 10сомдон алып жатам. Картошканын баасы эмне үчүн көтөрүлбөйт деп кээ бирлери нааразы болот. Бирок аны базар чечет. Мен айылдарды кыдырып алып кайра базарга өткөрөм. Ар ким өз каалоосу менен эле сатат»деп айтып өттү сатып алуучу

Айыл тургун Нурлан Дубанаевдин айтымында » Негизи картошканын баасы төмөн болуп жатат. Дыйкандардын эмгеги бааланбай калууда. Эгерде картошканын баасы 20 сомго көтөрүлсө дыйкандардын эмгеги бааланмак» деп өз оюн айтты айыл тургуну.

Даярдаган: Аяна Айбек кызы.