"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

5-март » Ак калпак күнүнө карата Чоң-Тогузбай айылында 1метрлик калпак жасалды.

5 Март 2020 жыл 18:22
Көрүүлөрдүн саны: 111

Чоң-Тогузбай айылындагы Кубанычбек Мамытов атындагы орто мектепте «Ак калпак» күнүнө карата бир метрлик калпак кийизден жасалып, окуучулардын көңүлүн бурду. Бул калпакты аталган мектептин химия, биология мугалими Акылбек Саяковдун сунушу менен жасалды.

Аталган мектептин сүрөт, чийүү сабагынын мугалими Гүлзат Касымованын айтуусууда » Бүгүнкү 5-март «Ак калпак» күнүнө карата бир метрлик калпак жасалды. Бул калпакты жасоо идеясы химия, биология мугалими Акылбек Саяковго таандык. Ак калпак жасоо ишинде кийиз жана калпактын эзкизи пайдаланылды. Кадимки кичине калпактын масштабын чоңойтуп жасадык. Калпак жасоодо чебер колдор кружогуна катышкан окуучулар менен жасадым. Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чараны өткөрдүк» деп билдирди Гүлзат Касымова.

Калпак жасоону сунуш кылган Акылбек Саяковдун билдирүүсүнө «Улуттук баш кийимибиз болгон ак калпакты даңазалоо аны жөн гана баш кийим эмес улутубуздун, маданиятыбыздын сыймыгы экенин окуучуларга айтып берүү максатында бул иш-чара өтүлдү» деп айтып өттү Акылбек Саяков.

Мектептин уюштуруучу мугалими Ширин Ниязованын айтымында «Бүгүнкү «Ак калпак күнүнө карата Кубанычбек Мамытов атындагы орто мектепте ачык сабактар жана линейка өтүлдү. Линейкада бир метрлик ак калпактын көргөзмөсү болду. 1-11-класстардын жетекчилери калпак күнүнө карата класстык тарбиялык сааттарды өтүштү
Асмандан жарык көрсөң,
Жылдыз деп бил.
Ак калпак кийгенди көрсөң,
Кыргыз деп бил.
Деп илгертеден ата- бабаларыбыз айтып келген. Ошонун негизинде ата- бабаларыбыздан калган патриоттук сезимдерди ойготуу менен бирге ак калпактын тарыхы жөнүндө окуучуларга маалымат берилди» дейт уюштуруучу.

Даярдагандар: Гүлназ Жумагулова, Аяна Айбек кызы, Ширин Ниязова.