"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

7 Март 2020 жыл 19:09
Көрүүлөрдүн саны: 130

Тасма айылында ФАО нун мүчөлөрү ыр кесе коюшту.

Азык түлүктү жана айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн өз ара жардамдашуу уюм түзүлгөн. Ушул уюм тарабынан бүгүн Тасма айылында ыр кесе өткөрүлдү. Бул ыр кесени айымдар зордук-зомбулукка кабылбай иштеш үчүн, өзүлөрүн көңүлдүү алып жүрүш үчүн ФАО нун мүчөлөрү «Ыр кесе» уюштурушкан.

ФАОнун жетекчиси жана Чоң-Тогузбай айылынын имамы Муратбек Ыймангазиевдин айтуусунда «Бул ишибиздин багыты ФАО нун өз ара жардамдаштыруу топтору айымдар үчүн түзүлгөн проект. Энелер зордук-зомбулукка кабылбай жумуш менен камсыз болуу жана ошону менен бирге тоют базасын чыңдоо. Уйлардын сүттөрүн сапатын жогорулатуу жана биримдикте ынтымакта иштөө деген тартип менен кетет. Бул проекттин келечеги чоң. Энелер аман болуп ынтымакта болуп ушул проектини камсыздап кете берсе бул келечек багыты эң жакшы. Бул проект 2016-жылы февралда кабыл алынган. Кыргызстан менен Швейцариянын өкүлчүлүгү тарабынан камсыз кылынган үч жылдык проект болучу. 2018-жылы июль айында мөөнөтү аяктаган. Кайрадан 2019-жылы мен жетекчи болуп киргем. Ушул проект менен бирге айымдар жумуш менен камсыз болот да үй бүлөлүк бюджети да каралат.
Бүгүнкү ыр кесе жакшы өттү. Эң биринчи ыр кесе Токтоян айылында башталган. Ыр кесени Ичке- суу алган анан Чоң- Тогузбай алган кайрадан ыр кесени Тасмага узатышкан. Бүгүн Тасма айылы коюшту. Атайын чогулуштан сүйлөшкөнбүз ушул күнгө койгула деп. Ортодо ыр кесе көп убакытка токтоп калып кайрадан жанданды. Бүгүнкү ыр кесени Тасма айылы Ичке-Суу айылына өткөрүп беришти.

ФАО нун мүчөсү Лиза Кыдырбаеванын айтуусунда «Бири-бирине өз ара жардамдашуу жана азык түлүктү, айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча уюм тузулгон. Ал уюмду ФАО деп атап коёбуз. 2016-жылдан баштап, Түп району боюнча 5 айыл иштейбиз. Ошол 5 айыл бири-бирибиз менен ынтымакта болуп ушул ыр кесени уюштурганбыз. Биз былтыр алганбыз шартка байланыштуу бере албай калып, быйыл ыр кесени баштадык. Ыр кесени биз өзүбүздүн мектептеги мугалимдерге жана Ичке-Сууга узаттык»деп айтып өттү Лиза Кыдырбаева.
Даярдаган: Аяна Жайлобаева.