"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылында Кесип тандоо боюнча тренинг өтүлдү

14 Март 2020 жыл 22:03
Көрүүлөрдүн саны: 119

Тасма айылында Кесип тандоо боюнча Нургазы Осмонканов тренинг өттү. «Лидерство» жана «Дилгир» курсунун окуучусу Эржан Мирлан уулу «Келечекке туура жол тандоо» аттуу долбоорду утуп алган. Ошол себептен кесип тандоо боюнча тренинг өтүлдү. 9-11-класстар өзүлөрүнө тиешелүү жана керектүү маалыматтарды ала алышты.

Бүгүнкү күндө келечкке туура жол тандоо проектисинин тренери Нургазы Осмонкановдун айтымында » Бүгүнкү тренинг өзүмдүн баалом боюнча жакшы өттү деп ойлойм. Тренингдин темасы кесип тандоо боюнча болду. Азыркы учурда Кыргызстанда жана дүйнө жүзүндө кайсы кесип актуалдуу болуп жатат, Кыргызстан рыногунда кайсы кесиптерге талап өсөт жана окуу жайды бүткөндө ошол окуусу менен орношо алабы ушулар тууралуу биз маалымат бергенге аракет кылдык. Кесип тандоодо кандай критерийлерге караш керек эмнеге басым жасаш керек ошол тууралуу окуучулар кенен маалымат алышты. Негизи кесип тандоодо «3 К» деген формула бар. Ошонун негизинде кесип тандаса туура болот.
1. Каалайм
2. Кыла алам
3. Керек
Кийин тандаган кесибиңерде туура иштеп кете аласыңарбы, анын майанасы кандай ошол тууралуу да билип жүрүшүңөр керек. Азыр бизде кыйын жарандар бар. Мисалы; Эркин Адылов азыркы учурда Нью Йоркто чоң бир ишкананы жетектейт. Британиянын жарандыгын алган бирок Кыргызстанда туулуп өскөн. Ошондой өрнөктөр көп. Ошондуктан бир гана Кыргызстан менен чектелбеш керек. Башка жерден окуп иштесе болот. Биз бул айылга атайын чакыруу менен келдик Караколдо өтүп жаткан «Дилгир» праграммасынын катышуусу Эржан Мирлан уулу «Кичи грант » долбооруна жазылып долбоор утуп алган ошонун негизинде келип тренинг өтүп жатабыз» деп айтып өттү Нургазы Осмонканов.

Асан Сопиев орто мектебинин 11- классынын окуучусу Окенов Элтурандын айтымында «Мен бүгүнкү тренингде кайсы кесип боюнча кандай иштесе болот, майанасы кандай, кайсы мамлекеттерде иштесе болот ошолорду билдим. Бул тренинг боюнча мен каалап жаткан кесиптер боюнча кеңири маалымат алдым десем болот» дейт Элтуран Окенов.

Асан Сопиев атындагы мектептин 10- классынын окуучусу, «Лидерство» жана «Дилгир» курсунун окуучусу Мирлан уулу Эржандын айтуусунда »
«Келечекке туура жол тандоо» долбоордун негизинде бизге кичи долбоор жазууга мүмкүнчүлүк берилген. Ciz Германия кызматташтыгы каржылаган. Мен «Келечекке туура жол танда» деген кичи долбоор жазып, бул долбоорду утуп алганыма абдан кубанычтамын. Бүгүнкү тренингде биздин жаштардын келечегине чоң таасир бере алат деген ишеничтемин.
Бул тренинг абдан жакшы деңгээлде өттү деп ойлойм. Менин айылыма келип өтүп жатканына кубанычтамын жана ошондой эле Аня эжейге, Нургазы агайга терең ыраазычылык билдирем. Тренингдин максаты 9 жана 11- класстын окуучуларына туура кесип тандоо жана ал кесиптин кийин кереги барбы же жоголуп кетчү кесиптер жана өнүгүп келе жаткан кесиптер боюнча кеңири маалымат берүү» деп билдирди Эржан Мирлан уулу.

Ыктыярчылар клубу «Лидерство» нун ишкери Анна Стыценконун айтуусунда «Биз жаштардын дараметин көтөрүүгө чоң салым кошуудабыз. Каракол шаарында жана Ысык-Көл облусунда иш алып барабыз. Азыркы учурда жаштардын квалификациясын жогорулатуу үчүн Ысык-көл облусу боюнча «Дилгир» курсун өткөрүүдөбүз. Биз бул жерге Эржандын долбоорун өткөрүүгө келдик» дейт Анна Стыценко.

<img
Даярдагандар: Аяна Жайлобаева, Аяна Элеманова, Жибек Мелисова.