"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Токтоян айылында кайрымдуулук иши болуп өттү

16 Март 2020 жыл 20:34
Көрүүлөрдүн саны: 77

Карасаев айыл аймагындагы Токтоян айылында кайрымдуулук иши катары Түп районундагы айылдарынын аз камсыз үй бүлөлөрүнө жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жууркандар жана 1тонна көмүр таратылды. Бул кайрымдуулук ишин “Боорукер бол” жана “Катар” кайрымдуулук уюмдары жүргүзүп жатышат.

“Катар” кайрымдуулук уюмунун социалдык бөлүмүнүн адиси Алмаз Ишенбековдун айтымында “Биз бул уюм менен 2017-жылдан баштап иштеп жатабыз. Бир гана Ыссык-Көл өрөөнүнө гана эмес башка да аймактарга, өрөөндөргө жардам көрсөтөбүз. Негизинен социалдык бөлүмүбүздө атасынан же энесинен айрылган 3900бала айына 2000сомдон пособия алышат. “Боорукер бол” кайрымдуулук фонду менен 1жылдан бери иштешип келебиз. Биз Түп районундагы айылдардын аз камсыз үй бүлөлөрүнө жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 600 плет жана 133тонна көмүр тараттык. Ар бир үй бүлө төрттөн бештен жылуу жууркан жана 1тонна көмүр бердик. Бул жакта бизди “Боорукер бол” кайрымдуулук фонду менен бирге өткөрдүк. Дагы алдыда көптөгөн пландарыбыз бар. Адамдардын сүйүнүчу биздин сүйүнүчүбүз” деп билдирди Алмаз Ишенбеков.

«Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун директору Тыныбек Зундуновдун айтуусунда «Биз «Катар» уюму менен биргеликте кайрымдуулук ишин жүргүзүп жатабыз. Элдер ыраазы биз ыраазыбыз. Биздин демөөрчүлөргө да ыраазычылыгыбызды билдирет элем» деп айтып өттү Тыныбек Зундунов.

Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Айзада Усубалиеванын айтымында » Бүгүнкү кайрымдуулук ишин жүргүзүп жаткандарга ыраазычылык билдирем. Буга чейин дагы бул фонд бизге жакшы жардамдарды берип турушчу. Мен өзүм жалгыз бой энемин, төрт баланын энесимин. Буга чейин да жууркандарды, кийимдерди беришти. Быйыл жакшы жардам болду. Бештен жууркан 1тонна көмүр берилди. Тыныбек Зундунов мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай аракет кылып, элдин керегине жарап жүрөт» деп айтып өттү Айзада Усубалиева.

Даярдагандар:Аяна Жайлобаева, Аяна Элеманова, Гулназ Жумагулова.