"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Жергиликтүү бийликке калктын саламаттыгы эң биринчи орунда турат

1 Апрель 2020 жыл 8:38
Көрүүлөрдүн саны: 102

Карасаев айыл өкмөтүндө баардык кызматкерлери жана депутаттар, жергиликтүү кеңеш баардыгы кеңешип, калктын саламаттыгын ойлоо менен бирге талыкпаган иш аракеттерди алып барууда. Ал иш аракеттерде айыл өкмөт кызматкерлери менен айыл активисттери иштешүүдө. Элдин жакшы жашоосун камсыздоого болгон иш аракеттерди кылып, айылдык «Кеңеш», депутаттар, айыл өкмөтү, айыл өкмөт кызматкерлери штабдык отурум жасап, ал жерге милиция кызматкерлери, ҮТД кызматкерлери, мектеп директорлору, айыл активисттери чакырылып, Штабдык отурум өтүлдү. Ал штабдык отурумда Түп райондук мамлекеттик администрациясынын штабдык курамы келип, түшүндүрүү ишин жүргүздү. Айылдарда блок посттор коюлуп, айылдык кеңештин 27-чакырылыштын 29-сесиясынын √2 токтому менен акча каражаттары бөлүнүп, бет каптар, антисептик каражаттары жана кол аарчыларды үч блок постко бөлүп беришти. Мындан сырткары айыл өкмөтүнүн, айыл жаштарынын, депутаттардын демилгеси менен ун алып келинип, муктаж адамдарга арзан баада таркатышты. Айыл жаштары жазгы талаа иштерине элди күйүүчү май менен камсыздоого салымын кошуп аракеттенишүүдө.

Даярдагандар: Эржан Мирлан уулу, Аяна Жайлобаева.