"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Рамазан айында орозо кармоо мусулмандар үчүн парз

23 Апрель 2020 жыл 19:05
Көрүүлөрдүн саны: 255

Рамазан айы мусулмандар үчүн эң ыйык жана куттуу айлардан эсептелинет. Ислам ушул айда туулган, дүйнө жүзүн нурга бөлөгөн Ыйык китебибиз Курани-Карим да так ушул айда түшө баштаган. Миң айдан да куттуу болгон Кадыр түн кечеси да ушул айдын ичинде камтылган. Ички дүйнөбүздү жаман түшүнүктөрдөн, сырткы келбетибизди туура эмес кыймыл-аракеттерден тазалаган орозо Рамазан айында кармалат. «Орозо» деген сөздүн сөздүк мааниси — «кандайдыр бир нерседен оолак болуу, бир нерседен тыйылуу». Орозонун шарияттагы мааниси — милдеттүү адамдардын атайын ниет менен таң аткандан баштап, күн батканга чейин орозону бузуучу нерселерден, тактап айтканда, жеп-ичүүдөн жана напси кумарларынан тыйылуусу. Орозонун убактысы Курани Каримде мындайча көрсөтүлгөн: «Таң агарып, ак жип кара жиптен айырмаланган маалга чейин ичкиле, жегиле. Андан соң кечке чейин орозо кармагыла».


Рамазан айы башталып, айыл тургундары Куран окутуп, күрүч басып, орозо кармоого даярданышууда.

Даярдагандар:Аяна Жайлобаева.