Ысык-Көл областынын ыйгарым укуктуу өкүлү губернатор Акылбек Осмоналиев иш сапары менен Карасаев айыл аймагына келди. Токтоян, Тасма, Чоң- Тогузбай айылдарынын мектептерин жана башка жерлерин карап, өзүнүн сунуштарын айтып кетти. Тасма айылындагы футбол аянтчасын, ФАО уюмун, маданият үйүн, бала бакчаны, самын жасоочу «Бугу эне» уюмуна кирип, көрүп ыраазычылыктарын билдирип, эмгектерин баалап жакшы сөздөрдү айтып кетти.
Даярдагандар: Аяна Жайлобаева, Гүлназ Жумагулова, Жибек Мелисова.