"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылында 9-май белгиленди

12 Май 2020 жыл 14:00
Көрүүлөрдүн саны: 242

Ысык-Көл областынын Түп райондук аскер комиссариатына Россия федерациясынын жана кыргыз өкмөтүнөн келген медалдарды Улуу Ата Мекендин согуштун кызматкерлерине медалдар келип, аларды тапшыруу аземине 9- май күнү белгиленди.

Улуу Ата Мекендик согуштагы орук жумуштарында
кызмат кылган энелерге медаль тапшыруу учуру

Карасаев айыл аймагынын айыл башчысы Курманбек Жазыбайевичдин айтымында «9-май улуу майрамдардын бири Улу жеңиштин 75 жылдыгы белгиленди. Элибизге тынччылыкты, аманчылыкты тилейли. Тынчтыкта, ынтымакта биримдикте ар бир айылдарда ар кандай пландарды пландап иштей беришибиз керек. Өсүп келе жаткан муунга жакшы шарттарды түзүп, аракеттерди жасашыбыз керек. 9- май боюнча бизде беш оруктун катышуучусу бар. Аларга баарынын дкн- соолугун сурап, биздин Сооронбай Жээнбековдун 75 жылдык любилейлик медалын тапшырып, айыл өкмөттөн ар бир оорукана 3 000 сомдон каражаттарын тапшырып келдик. Апаларыбыз, аталарыбыз баталарын берип, бизге жакшы каалоо тилектерди тилешти. Дайыма жакшы маанайда быйылкы шартыбыз да болуп калды болбосо жакшы пландар бар болчу. Бирок бул пландар баарында бар болчу. Азыркы шартка карата үйлөрүнө барып куттуктап келгенге туура келди» деп билдирди айыл өкмөтү.

Даярдагандар: Аяна Жайлобаева, Гүлназ Жумагулова.