"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылынын кыскача тарыхы

26 Май 2020 жыл 19:34
Көрүүлөрдүн саны: 205

Тасма айылынын отурукташуусун 1910-жылдары Тынтай болуштун эмгеги зор дешет айыл аксакалдары ушул жерде теректерди отургузуп, суугарып чоңойтушкан. Азыр ушул жерде үч кабаттуу Асан Сопиев атындагы билим берүү орто мектеби курулган. Ошондон улам айыл биринчи ошол Тынтай полелкасы деп аталган.
Бул айылга жанаша жайгашкан Тасма бөксө тоолордун атынын коюлган бир караган адамга бул аталыш шайкеш келет. Себеби ал тоолор кокту-колот, аска зоо, жар жок тегиз жылма келип, жапайы өскөн бак-дарак, карагай, бадал кездешпейт, тегиз тасмадай созулуп жатат.
Тасма-тоонун аты. Жиптей болуп, сызма сыяктуу келген. Ошого окшоштуруп коюлган ат. Тасма кырка ТОО деген мааниде. Тасма айылы 1912-жылы айыл кеңеши болуп уюшула баштайт. Ал эми колхоздоштуруу 1930-жылы башталган, коллективдештирүү өтө оор болгон. 1931-жылы жаңы уюштурулган колхозго Мамырканов Бексултан башкарма болуп Долон деп ат коюшат. 1932- жылдан баштап кайра Тасма деген ат коюшкан.

Калктын саны- 1907
Азыркы учурда айылда 1 мектеп, 1 оорукана, 1 кантор бар. Мектепте 400 гө жакын окуучу билим алат.
Даярдаган: Аяна Жайлобаева.