"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Даары чөптөр жана гүлдөр

27 Май 2020 жыл 14:42
Көрүүлөрдүн саны: 446

Азыркы учурда көп адамдар даарыны колдонушат. Биздин эшигибиздин алдында өсүп турган чөптөрдүн дарылык касиети бар экенин билишпейт. Даары чөптөрдү өз убагында терип албаса, даарылык касиети төмөндөп кетет.

Бака жалбырак- бул чөп дагы ашказанга эң чоң пайдасын тийгизет. Бака жалбыракты жай, жаз мезгилдеринде алып, жууп, мясаровкадан өткөрүп, сүзүп коюп, андан соң күнүнө 1 маал кичинекей чыны менен ичсе берсе болот. Ашказаны ооругандарга жакшы пайдасын тийгизет.

Герань гүлү- бул гүл анимияга, денесин күйгүзүп алганда, үшүккө алдырганда, зобко, ангенага даарылык касиети чоң. Уктоо бөлмөсүнө көп коюш керек. Себеби ал тынчтыкты чакырат.
Герань гүлүнүн бир жалбырагын алып, бир стакан кайнак сууга беш минут тыныктырып чыпкалагандан кийин анын үстүнө кичине кайнак суу куюп, күнүнө үч маал 1 аш кашыктан, тамактанууга чейин ичүү керек. Даарылануу мөөнөтү 6 ай.

Алоэ гүлү- бул гүлдүн жалбырактары сууга толуп турган кезде даары катары колдонсо болот. Алоэнин жалбырактарын алып, мясаровкадан өткөрүп аласыз да банкага куясыз. Муну ичүү абдан кыйын. Ошол себептен шириндик кошуп алсаңыз да болот. Мисалы: 1 кичинекей чыны бал. Бир жума күн тийбеген муздак жерде сактап, күнүгө эртең менен 1 аш кашык менен 100 грамм сууга аралаштырып ичсеңиз болот. Канды тазалайт, ичеги-карын оорулары, бөйрөк суук тийүү ооруларына, ден соолугуңузду чыңдоо үчүн дагы ичсек болот.
Даярдаган: Аяна Жайлобаева.