"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

1- июнь «Эл аралык балдарды коргоо күнү»

1 Июнь 2020 жыл 23:12
Көрүүлөрдүн саны: 197

«Эл аралык балдарды коргоо күн» жыл сайын жай айынын эң биринчи күнүндө белгиленет, тагыраак айтканда 1-июнь күнү. Бул майрам 1949-жылы ноябрь айында франция өлкөсүнүн борбору Париж шаарында Эл аралык демократиялык аялдар федерациясынын конгресинин чечими аркылуу уюшулган.

Эң биринчи жолу бул майрам 1950-жылы өткөрүлгөн.
Жалпысынан 1-июнь бул балдарды жаркын келечекке алып барууга аракет кылуучу майрам деп койсок да болот, анткени бул майрамдын негизги максаты өсүп келе жаткан кичинекей муунду туура тарбиялап, жат көрүнүштөрдөн алыс кылып жардамга муктаж болгон чүрпөлөргө жардам көрсөтүү керек.
Даярдаган: Эржан Мирлан уулу