"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Дартка даба сирень гүлү

23 Июнь 2020 жыл 23:55
Көрүүлөрдүн саны: 551

Дартка даба сирень гүлү
Көпчүлүк адамдар өзүбүз өстүрүп, колдонуп жүргөн өсүмдүктөрдүн баа
жеткис экенин билбей калабаыз ошондуктан биздин Нур fm медиялык борборунун атынан сиздерге пайдалуу кеңеш

Сирень – көп жылдык дарак. Дарылыкка гүлү, жалбырагы колдонулат. Май жана июнь айларында гүлдөйт. Гүлүнүн жана жалбырагынын курамында эфир майы, сирингин гликозиди, фарнезол сыяктуу керектүү заттар бар. Дарылык касиети Жалбырагынын кайнатмасы суук тийгенде, сасык тумоодо колдонулат. Анткени адам кайнатманы ичкенде абдан тердеп, дене табы төмөндөйт. Дарынын рецеби: 2 чай кашык кургатылып майдаланган жалбырагынын үстүнө 200 грамм кайнак суу куюлат. 1 саат жылуу жерге коюп демдеген сон пайдаланууга болот. Күнүгө 3—4 маал 50 граммдан жылытып ичүү кажет. Ушул эле кайнатма тери ооруларында да колдонулат (ичилет). Андыктан жалбырагын сактап койгон жакшы. Гүлүнүн тундурмасы. Бөйрөк ооруларында, желди айдап чыгарууда 1 стакан кайнак сууга 1 аш кашык жалбырагын же гүлүн салып демдөө кажет. Анан бир күндө 3-4 маал бир аш кашыктан кабыл ала берүүгө болот. Сирендин тобурчагынын кайнатмасы какачты кетиргендиктен, баш жууганда колдонсо болот

Жаңылыктар ушул сайттан алынды
👇
https://m.ok.ru/group/53298070683817
Даярдаган: Жибек Мелисова