"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Какымдын организмге кандай пайдасы бар экенин билесизби?

23 Июнь 2020 жыл 17:14
Көрүүлөрдүн саны: 106


Какым — көп жылдык чөп өсүмдүк. Суу жээгинде, жолдун боюнда, огороддо, талаа-шалбааларда жана башка жерде өсөт. Медицинада каакымдын тамыры дары катарында колдонулат. Элдик медицинада кургатылган тамырын жана чөбүн демдеп өт баштыкчасынын оорусуна жана тамакка табитти жогорулатуучу дары катары, ошондой эле тамак сиңирүү бездеринин секрециясын ылдамдатуу үчүн да колдонулат. 10 г чөптү жана тамырын бир стакан кайнак сууга чылап тундуруп, чыпкалап күнүнө 5—6 жолу кашык менен ичет.
Андан сырткары дагы адамдын ички организмдерине, мээнин иштешине жакшы таасир берет. Какымды май айларында терип келип, андан варения жасап жесе же болбосо 1 литр кайнак сууга 20 штук какымды дымдап, күнүнө эки маал кичинекей чыны менен ичсе жакшы. Май айларында терип албасаңыз даарылык касиети кетип калат.
Даярдаган: Аяна Жайлобаева.