"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Карантинде улгайгандар бири-бири менен баарлаша албай калышты

23 Июнь 2020 жыл 23:35
Көрүүлөрдүн саны: 225

Азыркы кырдаалга байланыштуу адамдардын бардыгы үйдөн чыкпай калышты. Буга чейин айылдагы чоң апа, чоң аталар бири-бири менен баарлашып, көчөгө чыгып турушкан. Ал эми кичинекей балдар эшикте ойноп жүрө беришкен. Эми карантин учурунда бардыгы үйдө.

Карантинде үйдөн чыкпай отуруп тажаган айыл тургуну Кызылкул Ишенбиева төмөнкүлөргө токтолду:
Карантин боло электе баарыбыз эле эшикте эле жүрчүбүз. Эми бул оору башталып, бардыгыбыз үйдөн чыкпай калдык. Башында жакшы эле өткөрдүк. Андан кийин тажап баштадык. Айылдагы кемпирлер менен дагы касса ойноп, кичине болсо да эс алып калчубуз. Азыр үйдө отуруп, үйдөгү майда- чүйдө оокаттар менен эле жүрөбүз. Өкмөт дагы пенсияны өз убагында берип атты. Эми бираз жетпей калат. Анын үстүнө дарылар, азык- түлүктөр дагы кымбаттап кетти.

Кызылкул Ишенбиева Тасма айылынын тургуну- пенсионер

Карасаев айыл аймагындагы социалдык жетектөөчү адиси Акжолтой Мамиеванын билдирүүсүндө:
«Карасаева айыл аймагында сегиз жалгыз бой аял бар. Аларга «Ысмайыл ата» кайрымдуулук фонду жана өкмөт тарабынан жардамдар берилип жатты. Өзгөчө карантин учурунда барып ал акыбалдарын сурап, өзгөчө көңүл бурулуп жатты. Карантин учурунда алар эмнеге муктаж ошонун баары тастыкталып турду. Беткап, антисептиктер таратылды. Негизи биз жардамга муктаж адамдарга жумасына эки жолу барчубуз. Карантинге байланыштуу алар менен телефон аркылуу тез- тезден ал абалын билип турдук. Пенсия алуучулардын карантин мезгилинде акча алуусу эч кандай кыйынчылык туудурган жок. Себеби, почта кызматкерлери менен биргеликте сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ар бир кары адамдарга, жардамга муктаж адамдардын үйүнө алып барып, үзгүлтүксүз пенся менен камсыз кылдык. Өз убагында алып, керектүү жардамдар берилип турду. Пенсияны алгандар почта аркылуу анан карточка менен алгандар бар. Карточка менен алгандарды почтанын ичиндеги терминал менен камсыз кылынды. Өзүлөрү карантиндин эрежелерин сактап, барып алып атышты»,- деп билдирди Акжолтой Мамиева.

Акжолтой Мамиева- Карасаев айыл аймагынын социалдык жетектөөчү адиси

Айыл тургуну Жийдекан Бакачиева карантин учурундагы күндөрү менен бөлүшө кетти: «Бизде карантин жакшы өттү. Мурдагыдай эле мурун карантин баштала электе деле үйдө эле болчубуз. Эшикке чыга алчу эмесмин, бутум ооруп. Бирок балдарга жаман болду. Эшикке чыгып, ойной да алышпай калды. Өкмөт дагы өз убагында пенсиясын берип, жардамдарды берип турду. Кайрымдуулук ишин алып баргандар дагы азык түлүк жагынан жардам беришти. Бирок карантин боло электе пенсия жетпей калчу».

Жийдекан Бакачиева- айыл тургуну

Гүлназ Жумагулова, Аяна Жайлобаева