"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Учурдагы илдетке карышы фонддор жардам көрсөтүүдө

26 Июнь 2020 жыл 22:07
Көрүүлөрдүн саны: 280

Малазиялык NAMA кайрымдуулук фонду COVID-19 илдетине каршы программасынын негизинде, ASSANABIL кайрымдуулук фонду Түп районунун «Боорукер бол» фондусу менен биргеликте, карантин учурундагы жардамга муктаж адамдарга азык- түлүк беришти. Түп району боюнча 170 үй бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

Азык-түлүктөрдөн ун,күрүч, шекер жана суу май таратылды

ASSANABIL кайрымдуулук фондунун өкүлү Эрнист Ираповдун айтуусу боюнча бул азык-түлүктү өнөктөшүбүз Малайзиялык NAMA кайрымдуулук фондунун COVID-19 илдетине каршы программасынын негизинде ишке ашырылды дейт.
«Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыныбек Зундуновтун билдирүүсүндө жакынкы аралыкта 22.06.20.жылы ASSANABIL эл аралык кайрымдуулук фондусу өнөктөшүм бар, ал фонд биз менен жакынкы 1 жылдан бери иштешүүдө. Ал Бишкек шаарында жайгашкан. Ошол фонд аркылуу COVID 19 га байланыштуу азык- түлүк таркатууга, жакыр, аз камсыз үй-бүлөлөргө тамак -аш таркатуу максатында мындан бир ай мурун кайрылганбыз. Ошол кайрылуубузду четке какпай жакында 170 үй- бүлөгө Түп району боюнча тамак-аш алып келдик. Ар бир адамга жыйырма беш кг ун (25) үч литр суу май, беш килодон кант, күрүч, кесме жана 250 граммдан чай. Комплекти менен баары бар, ошол гуманитардык жардам алган уй бүлөөлөрдүн токсону(90) Түп району боюнча таркатылды. Түп айылындагы социалдык коргоо бөлүмүнүн орун басары Алымкул байке болуп тарттык. Ал эми калган сексен жаранга Карасаев айыл аймагында жашаган аз камсыз, мүмкүнчүлүгү чектелген, турмуш шарты оор үй- бүлөлөргө таратып бердик. ASSANABIL фондусунун директору Мухаммад Абдул Карим өзү араб, буга чейин дагы бул фонд менен иштешип, жарым жетим балдарга жылуу куртка менен камсыз кылганбыз. Эми мындан ары даагы гуманитардык жардам алып келүүгө көптөгөн пландарыбыз бар, ишке ашыралы деп турабыз буюрса. Таратуу учурунда бир күн мурун элдерге эскерткенбиз маска кийип, аралыкты бир метрден алыс сактоосун. Болушунча эрте таратканга аракет кылдык элди көп кармабай баардыгын даярдап алып,Камаздан азык түлүктү түшүрүп (100) жүз адамга 22/25 минутада таратып бүттүк ,тез-тез жана так. Кошумчалай кетүүчү нерсе, жолдун алыстыгы жана начарлыгы биз менен Өнөктөш Фонддорду дайым беймаза кылууда. Жол маселеси да элдерибизге чоң түйшүк туудуруп келет деп билдирди «Боорукер бол » фондусунун жетекчиси.

Тыныбек Зундунов

 

Гүлназ Жумагулова