"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Бардык нерсенин кадырын билдирген жыл

28 Июнь 2020 жыл 23:34
Көрүүлөрдүн саны: 230

Мен карантинде мектептин баркын билдим үйдө отуруп окуганда жакшы түшүнө албайт экенсиң. Кандай болгондо да мугалимдин эмгеги зор экен. Карантинде эжейимди окуган курбуларымды сагындым.

Асан Сопиев атындагы орто мектептин 5- классынын окуучусу Кубатбекова Айназик

Асан Сопиев мектебинин 6-классынын окуучусу Данил Мелисовдун айтуусунда
«Мен карантинде мектептин баркын билдим десем да болот. Үйдө отуруп окуганда жакшы да түшүнө албайт экенсиң, кандай болсо да мугалимдин эмгеги зор экен мен ушул карантинде эжейимди, бирге окуган курбуларымды абдан сагындым. Эртерээк Covid- 19 вирусу эртерээк жоголуп мектепке барып мектебибизден билимибизди алсак жакшы болот эле»,- деп билдирди мектеп окуучусу.

Айназик иниси менен китеп окуп жаткан учуру

Тасма айылынын тургуну Сулайманова Жылдыздын айтуусунда:

«Менин оюмча карантин жакшы өттү деп ойлойм, анткени баары үй- бүлөөсү менен чогуу болду. Окуучулар мектептин баркын билишти, балдар карантинде отуруп классташтарын, мугалимдерди сагынышты. Эртерээк бул оору жоголуп, балдар мектепке өзүлөрүнүн окууларына барышсын. Үйдө отургандан да тажашты, үйдөн сабак окуганда көп нерселерди түшүнбөй калышат экен»,- деп билдирди айыл тургуну.
Асан Сопиев атындагы орто мектептин 5- классынын окуучусу Кубатбекова Айназиктин айтуусунда» Карантин учурунда үйдө апамдарга жардам берип жана китептерди окудум. Мен «Япон кереметинин сыры», «Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» ж.б китептерди окудум. Ушул китептерден мен өзүмө пайдалуу жана кызыктуу маалыматтарды ала алдым жана бул китептердин жардамы менен сөз байлыгымды өстүрүүгө да аракет жасадым»,- деп билдирди мектеп окуучусу.

Карантиндин балдарга тийгизген таасири
Гүлназ Жумагулова, Жибек Мелисова, Аяна Элеманова