Карантинге карабастан окуучулар онлайн аркылуу билим алып жатышты. Бирок ата-энелерде, мугалимдерде, окуучуларда көптөгөн кыйынчылыктар болду. Балдардын терең билим алуусуна көптөгөн тоскоолдуктар жаралды
Асан Сопиев орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Элзат Эсенгелдиева аралыктан окутуу боюнча маалыматын бөлүшө кетти: «Дүйнө жүзүндө тараган илдеттен улам март айынын 16 сынан баштап, карантинге тарадык. Ошондон баштап онлайн окутуу башка айтканда аралыктан окутуу башталды. Кандай кырдаал болсо дагы биз ишибизди кылып, окуучуларга билимибизди беришибиз керек. Убагында тапшырмаларды берип, сабакты өтүп аттык. Балдар дагы тапшырмаларын аткарып турушту. Начарыраак окуган окуучулар кайдыгер мамиле кылып жатышты. Алардын ата-энелери менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштери жүрүп жатты. Андан кийин ата-энелеринин жардамы менен аракеттенип окуп жатышты. Мурун өзүбүз мектепке барып өтүп, балдардын жанында сабак өтүп жаткан кез жакшы болчу. Түшкө чейин сабакты өтүп, тапшырмаларды берип, түштөн кийин кайра кайтарым байланыш кылып убакыт көп кетет экен онлайн окуганда. Онлайн түрүндө Республикадан, облустан келип жаткан конкурстарга дагы катышып аттык. Үйдө кандай көйгөйлөр болбосун ага дагы карабай балдарыма билим берейин, балдарымдын билимин баалайын деген көкүрөктө ой болуп турат. Кыйынчылыктар көп болду. Аларды окуучулар менен бирге жеңдик. Жашоо турмушу оор балдарга, телефон, телевизору жокторго биздин айылдын жаштары, чет жакта иштеп жүргөндөр акча салып, телефон, телевизор алып берип, камсыз кылышты. Онлайн окуутуда ата-энелердин дагы эмгеги зор болду. Балдарына мурункудан да көбүрөөк жардам беришти. Кыйынчылык туудурган жери кээ бир үй бүлөлөрдө бештен окуучу окуйт. Телесабактырды кээ бирөөлөрү көрбөй калып түшүнүшпөй калып жатышты. Аларга кайра түшүндүрүп берилип атты. Кеч болсо да түн болсо дагы тапшырмаларды аткарып жатышты. Мектептен эле бири-бирибизди көрүп, тарбиябызды берип жүргөн эле кез жакшы экен».

Элзат Эсенгелдиева- Асан Сопиев атындагы Тасма жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими

9-класстын окуучулары күбөлүк алуу учурунда. Аралыкты сактап, 9-классты бүтүп кетчү окуучулар гана барышты

Сабак окуп жаткан учур

Мугалим менен окуучулардын кайтарым байланыш учуру


Бактыгүл Чотурова-айыл тургуну, пенсионер