"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Карантинге карабай эмгектенген жайлоонун балдары

10 Июль 2020 жыл 16:49
Көрүүлөрдүн саны: 275

Жайлоодо өскөн балдар акылы курч, ата-энеге мээримдүү, оокатка тың жана ар бир адам менен мамиле түзгөндү биле алышат. Азыркы учурдагы жаштардын эрмегине айланган телефон менен убактысын өткөрүшпөстөн, адабий чыгармаларды окуу менен өздөрүн өнүктүрүп, карантин учуруна карабай эмгектенишүүдө. Бирок быйыл дүйнөлүк пандемияга байланыштуу, чет өлкөлүк туристтер жана жергиликтүү эс алуучулардын да аз экенин айтышууда.

 

Махабат Сулайманова жыйырма жылдан бери ушул Каркыра жайлоосунун «Чымынды-Сай» деген жеринде жайлайт.

«Төрт балам бар, балдарым менен жайлоодогу күнүмдүк турмушубузду туура алып кеткенге, нукура жашоого үйрөткөнгө, аракет кылып атабыз   Уулум 11-класс окуйт кызым 9- класс окуйт. Балдарым мындай айтканда, эмгекчил, ата-энеге болгон кайрымдуулугу абдан курч. Биз дагы ошого тарбиялаганга аракет кылып жатабыз, балдарым күнүмдүк оокатка, колубузга кол, бутубузга бут болуп, жардам беришет. Эртең менен кечинде уй саайбыз, күндүз 2 саат сайын бээ саайбыз, жылда келип жаткан туристтерибиз быйыл карантинге байланыштуу келе албай калды, балдарым туристтер келгенде кандай мамиле жасаганды дагы үйрөнүшкөн. Жайлоонун керемети, биздин балдарыбызга тийгизген оң таасири, шаардагы өскөн балдарга салыштырмалуу биздин балдарыбыздын акылы тетик эмгекчил ата- эне менен кандай мамиле түзүштү өздөштүрүп алышкан. Карантинде биздин балдар адабий китеп окушту, расмий тилдеги китептерди окушту, жайлоонун тийгизген оң тасири ошол го деп билем. Бул жайлоодо бизге берген таасири жаратылыштын түздүгү, экологиялык таза, тамак-аш. Жайлоодо интернет тартпайт телефон менен алек болушпайт, таза аба, таза суу ден- соолугуна пайда деген ойдомун.

Махабат Сулайманова

Сталбек Каралаевдин айтуусу боюнча «Биз жылыга ата -энебиз менен Чымынды-сай Жайлоосуна келип, өзүбүздүн жана элдин малын багып иш алып барабыз. Жылда эс алууга шаардан туугандар келип турушчу . Бээнин сүтүн ичип, кымыз ичип ден соолуктарына кам көрүп кетишчү быйылкы жылы карантине эс алуучулар жок. Жайлоодо эртеден кечке тыным жок. Беш убак бээ саайбыз, уйлар бар аларды саап сүт өткөрөбүз. Кымызды Каракол шаарына каттаган маршруткадан берип жиберип, кечинде акчасын алабыз. Колдон келишинче ата -энеме жардам кылам. Өзүм болсо «Манас» университетинде окуйм, жайкысын жайлоодо болуп, колдон келген жардамымды көрсөтөм. Негизи эле жайлоо ден соолукка абдан жакшы таасирин берет. Таза аба тунук суусу, карагай сагыз, ышкын, каймак май. Адамдын ден- соолугуна абдан эле жакшы. Азыркы жаштардын көбү эле телефон менен күнүн өткөрүп, көбү физикалык да кыймылдары аз кылышып ден соолуктары да начар, бизде жайлоонун балдары телефон менен иши деле жок, айылга барганда, күзүндө эле интернет тартып ошондо колдонбосок. Ата- бабаларыбыз көрсөткөн жол менен жашайбыз десем жаңылышпайм»,- дейт Сталбек Каралаев.

Сталбек Каралаев- Кыргыз-Түрк Манас Университетинин студенти

 

Эржан Мирлан уулу