"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Карасаев айыл аймагына Covid-19ду жеңүүгө ар тараптуу жардамдар келди

31 Июль 2020 жыл 0:25
Көрүүлөрдүн саны: 208

Сыртта эмгектенген эр азамат, эл үчүн күйгөн балдары айыл элинин ден- соолугуна кам көрүшүүдө. Айыл активисттери бул аманатты так жана калыс жеткирүүгө аракет кылганын айтышат.

Кайрымдуулукка келген дары-дармектер

Марлис Өмүрзаков- айыл тургуну жана айыл активисти

Тасма айылынын тургуну жана айылдын активисти Марлис Өмүрзаков:

«Элибиздин өзүнүн колдоосу менен жакшы иштерди кылдык десек болот. Элдин ынтымагы менен көптөгөн акчаларды чогултуп элге муктаж болгон адамдарга, майып болгон адамдарга ун, эт таратып берип, мал союп кан чыгарып тилөө кылып ушундай иш чараларды кылып жаттык. Сырттан жардамдарды көрсөтүп жаткан агаларыбыз инилерибиз болуп жатты. Элибиз акча чыгарып, ар бир түтүн ортого акча чогултуп фонд кылалы деп ар кандай иштерди жасап турганга деп чогултулган акчабыз бар болчу. Ошол акчадан азыркы учурга чейин даары дармектерди алып көптөгөн иштерди кылып жатабыз.

Сырттан жардам көрсөтүп келе жаткан дары- дармек боюнча да айта кетсем, Кызыл жарым ай коомунунан жардам келди. Адыбаев Тынчтыктын атынан элдик фонддогу акчадан жана эл чогултуп берген акчадан дагы дары- дармектерди алып берип жатабыз, ошол дарылардын ордун толтуруп бөксөргөн сайын алып келип берип жатабыз.

Сырттан жардам бергендердин аттарын атап коёюн Акылбек Садабаев деген жигитибиз беш миң рубль салган даары дармекке. Керимбек Арыкбаев деген жигитибиз 4000 сом салган, Сопиев Кален 1000 сомго даары дармегин алып берди. Фонддогу акчалардан да карап жаттык. Курманбек Дыйканбаев байкебизден дагы эки форма, беш беткап, ушундай жардам келип жатат. Түп районундагы жаштардын атынан дагы кислородный апарат келди. Ибрай Байсариев, Улан Ибраев дагы тепловизор деген температураны текшере турган аппарат алып беришти. Молдобаев Аскаттан дары- дармек жана аппарат келди. Аралдык демөөрчүлөрдөн Акбердиевадан дары- дармектер келди. Болотбек Кайыковдон дары- дармектер келди. Жардам берип жаткан ага инилерибизге терең ыраазычылык.

Россиянын булуң- бурчтарынан иштеп жаткан ага инилерибиз элинин камын ойлоп, туугандарынын камын ойлоп элдер оорубасын деп акча чогултушуптур. Фондко жүз сексен миң сом (180 000) которушту. Айылдагы жардамга муктаж адамдарга деп. Терең ыраазычылык.

Видео: «Вирустун моралдык соккусун жакшы маанай менен жеңебиз»

Гүлназ Жумагулова, Аяна Жайлобаева