"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Карасаев айыл өкмөтүндө күндүзгү бөлүм ачылды

1 Август 2020 жыл 21:28
Көрүүлөрдүн саны: 276

Карасаев айыл өкмөтүндө күндүзгү бөлүм ачылып Тасма, Тогузбай жана Токтоян айылдарынын тургундары келип дарыланууда. Бул бөлүмдү ачканга айыл жаштары жана айыл активисттеринин салымы чоң. Россияда иштеп жүргөн жарандар, демөөрчүлөр дагы дары- дармекке жардам көрсөтүшүүдө.

Тасма айылынын медайымы Жанара Коңурбаеванын айтуусунда:

«Оору күч алып турганда күнүнө 35-45 адамдай келип дарыланып кетүүдө. Бул күндө бизге бюджеттен дары- дармектер келип жатат, андан сырткары, айылдык демөөрчүлөр берип жана айылдын жаштары да колунан келишинче жардам берип жатышат. Ушул жардамдардын арты менен канча оорулуу адам келсе баары бекер даарыланып кетүүдө. Ал эми өзүбүз жакшы сактанып жатабыз десем болот, бардык каражаттарыбыз жетиштүү»,- деп билдирди.

Тасма айылынын тургуну, мурунку доктур Кызылкүл Ишенбиева:

«Мен азыркы кырдаалга карабастан өзүмдүн айылыма жардам берип коргоочу кийимдерди кийип алып 6 адамга укол сайып жатам. Азыр бир аз азайып калды. Карантин учурунда 30 адамга укол сайып азыр алардын бардыгы жакшы. Кайра кайталап укол алган жок»,- деп билдирди Кызылкүл Ишенбиева.

Тасма айылынын активисти Марлис Султанбековдун айтуусунда айылдагы күндүзгү бөлүмдү ачууга айыл жаштары жана активисттеринин чоң салымы бар:

«Бул салымдын негизинде эже-жеңелерибиздин ишин кыйла жеңилдеткенге салымыбызды коштук десек жаңылышпайбыз. Биздин айылга эң көп эле жардам берген мигранттар обсервацияга дары- дармек алып беришти. Карантин учурунда көп балалуу үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү жок үй-бүлөлөргө продукты менен камсыздап турушту»,- деп билдирди Марлис Султанбеков.

Пандемия учурундагы айыл тургундарынын жашоо турмушу
Тасма: Пандемия учурунда элеттиктер үй чарбасына көңүл бурууда

Гүлназ Жумагулова, Аяна Элеманова