Бул вирус өмүрүбүздө биринчи жолу болгондуктан бардыгыбызга коркунучтуу абал болду. Бирок мен үй бүлөм менен бул абалга багынып калган жокмун. Тескерисинче биз буга туруштук бердик.

Айыл тургуну балдарына карагаттан кыям жасап жаткан учуру
Тасма айылынын тургуну Садабаева Элмиранын айтуусу боюнча:
«Бул вирус өмүрүбүздө биринчи жолу болгондуктан бардыгыбызга коркунучтуу абал болду.Бирок мен үй бүлөм менен бул абалга багынып калган жокмун.Тескерисинче биз буга туруштук бердик.Карантинде үйдө бош отурбастан кыздарым менен кызыктуу жумуштарды жасап баштадык.Жумушка алаксып вирусту дагы унутуп, өзүбүздү бош алып жүрдүк.Жолдошум балам менен сырткы короо жай менен алек болду.Мен кыздарым менен карагат,малина терип балдарыма кыям жасап бердим,карагатта С витамини көп болот эмеспи ошондой эле кампот жабтык,муздак суунун ордун кайнак суу менен жасалганы кампот балдарыма пайдалуу.Мындан сырткары үй ичинен кыздарыма сайма сайганды жана түрдүү тамак-аштарды жасаганды үйрөттүм.Балдарым бир маал олтурушуп жазуу жазып, китеп окуп, гүл жасап ар түрдүү кызыктуу иштерге алаксышат.Ошентип карантинде жолдошум экөөбүз убактыларыбызды балдарыбыз менен өткөрдүк» деп билдирди.

Элмира Саадабаева кыздары менен жасаган иштери

Элмира Саадабаеванын балдары менен окуган китептери

Карантинде бош отурбастан сабак окуп жаткан учуру

Назми Темированын кол өнөрчүлүгү