"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылы: Пандемия чоң ишкердикке түрткү болду

20 Август 2020 жыл 22:49
Көрүүлөрдүн саны: 163

Таажы вирусу башталгандан бери Тасма айылына чет өлкөгө кеткен мигранттар кайтып келишти. Аларга жумуш оордун түзүү максатында, үй шартындагы жөжөлөрдү чыгарып, көп өлчөмгө өтүп, товарларды тышка чыгаруу сатуу максатында долбоор ишке ашууда. «Инкубатор» долбоору «Билим» окутуу борборунун демилгеси менен уюштурулду.

Иштелип чыккан бизнес план

 

Билим окутуу борборунун ишмердүүлүгү

«Куттуу билим» борборунун директору Азамат Абдылдаев

«Түп районунда 2007-жылы уюштурулган. Кыска мөөнөттө ушул курстарды окутуп келип, быйылкы жылы таажы вирусу башталгандан бери тыштан элдер келип, мигранттар келгенден баштап жумуш ордун түзүү максатында, үй шартындагы жөжөлөрдү чыгарып, көп өлчөмгө өтүп, товарларды тышка чыгаруу максатында жумуш ордун орнотолу деп уюштурдук.

Мен бизнес- планды «Билим» окутуу борборунун ичинен өзүбүз идеяны уюштуруп, жазып, акимге, губернаторго барып түшүндүрүп айттык. Комиссия коюп, «Өнүктүрүү» фондунан бир миллион сом кайтарымдуу негизинде үч жылга берип жатат. Бирок каникулу бар, он ай төлөбөй туруп, он айдан баштап төлөй баштайбыз.

Азыр беш жүз миң берип, 13 айыл өкмөткө инкубатор алып беребиз. 30 айылга инкубатор алып берип, ошол инкубатор алып берген жерге жумуртка пункттун ачабыз. Ошол жерден жумуртка сорттолуп инкубаторго калат. Ошентип сатыкка кетет. Түп районуна салык түшүрүү максатында да ойлондук».

Азамат Абдылдаев- «Куттуу билим» борборунун директору

 

Ар кандай түрдөгү жумурткалар иштетилет

 

Жумурткалардан жөжөлөр чыгарылат

Тасма айылынын тургуну Элвира Атагелдиева жолдошу экөө бул долбоордун аткаруучулары катары кабыл алынган. Алар эми окутуудан өткөндөн кийин толук кандуу иштеп башташат. Ага чейин ал даярдык иштери жүрүп жаткандыгын баяндады:

«Карасаев айыл өкмөтүнө Түп районунда жайгашкан Билим окутуу борборунан «Инкубатор» деген аталыштагы долбоор боюнча бизге Азамат Абдылдаев келип, сунуштама бериптир. Бул сунуштамада инкубатор орнотуп, айыл элине иштетүүгө берилмек. Ошол айыл өкмөтүнүн мүчөлөрү карап көрүп, биздин үй- бүлөнү сунуштаптыр. Менин жолдошум Фархат Жолдошбаев экөөбүз биргеликте инкубаторду иштетүүгө киришкени жатабыз.

Бул инкубаторду иштетүүнүн максаты, азыркы оору жүрүп жатса дагы, ошол элдин социалдык абалын жакшыртуу максатындагы иштелип чыккан долбоорлордун бири болуп саналат.

Инкубатор 25 000( жыйырма беш миң) сомго бааланат. Пайызсыз кредит катары бизге берилет. Аны апрель айынан баштап ишке киргизебиз. Биз муну иштеп баштаган мөөнөттөн баштап, атайын өзүнүн түзүлгөн эрежесине ылайык, бир жыл ичинде кредитти төлөшүбүз шарт. Бул долбоордон сырткары, ошону менен бирге эле тоок кана дагы салып берилет экен.

Жөн гана тоокторду өстүрбөстөн, ар кандай породадагы тоокторду өстүрүү сунушталат. Инкубатор жана тоок канасы бар үйлөргө жумуртканы сатып алуу пункттун дагы ачып бергенге жардамдар болот. Тооктун жөжөлөрү, тооктун эттери дегеле бизден өстүрүлгөн продукциянын баарын өздөрү патенттин негизинде алып, башка жактарга экспорттошот.

Бардыгы мыйзамга ылайык документтештирилген. Бизнес планды кандай түзсөк, ошол боюнча бизге андан ары алып кеткенге жардам берет. «Билим» окутуу борборунун адистери келип, мага маалымат берип, инкубаторду орнотчу жерди жана тоок кананын салынуучу жерине мониторинг жүргүзүп кетишти. Кудай буйруса, эки жуманын ичинде бизди окутуу борборуна чакырып, бекер окутушат»,- деп билдирди Элвира Атагелдиева.

Элвира Атагелдиева- Тасма айылынын тургуну жана Асан Сопиев орто мектебинин башталгыч классынын мугалими

Ал эми канаттуунун тилип таап, тоок эле эмес, үндүк багуунун жолун өздөштүргөн Айгүл апа тууралуу макаланы окуңуз.

 

Гүлназ Жумагулова, Аяна Жайлобаева