"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Мигранттар туулуп-өскөн айылына жардамын беришти

21 Август 2020 жыл 0:26
Көрүүлөрдүн саны: 370

2020-жылдын июнь айында катуу кирип келген пандемияга каршы мигранттар дагы чогулуп оорунун алдын- алууга иш алып барышты. Тасма айылында туулуп-өсүп, азыркы учурда Россияда эмгектенип жүргөн мекендештер айылына жардамын сунушту.

Мигранттар тарабынан алынган дары-дармектер

 

Тасма айылынын Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн мигранттары

Москвада иштеп жүргөн Тасма айылынын кулуну Нуриел Абышовдун айтымында: «Барыңыздарга Москва шаарынан ысык салам, оорубаңыздар ден- соолугуңар болсун. Ал эми пандемия тууралуу айта турган болсок, абдан оор кырдаал болду, чоң жоготуулар болду аябай залакасын тийгизди бүткүл дүйнөгө. Бул пандемия кимдин ким экенин, байлык- бийлик эмне экенин, ден соолук жана адамдардын бири бирине болгон мамилесин өзгөрттү десем жанылышпасам керек. Бирок ошого карабастан, капысынан кирип келген катуу кырдаалга каршы бир муштумдай түйүлүп мигранттар чогулуп, ооруну алдына ала иш алып баралы деп кеңешип, колдон келген жардамыбызды кошууга аракет кылдык. Элден айланса болот, эч кимиси жок дебестен жапа тырмак биздин айылдын мигрант балдары бардыгы колдоп беришти, Алла ыраазы болсун. Иштерине ийгилик, тапкан ташыганы менен аман- эсен кайтып баралык.
Биз бул жерден салган аманаттарыбызды айылдагы активист байкелерибиз так, туура жеткирип жатышты, аларга да чоң ыраазычылык, иштерине ийгилик.

Жалпысынан мигрант жигиттердин чогулткан акчасы 185 000 (жүз сексен беш миң) сом болгон анын ичинен 40 000(кырк миң) сомго дары- дармек алынып, айыл тургундарына бекер берилди. Калган акчабызды жакшылыкка айыл үчүн жакшы жумуштарды кылалы деген оюбуз бар. Алыс жерде жүрсөк дагы жүрөгүбүз айыл деп согуп турат, дайыма кызматтабыз. Айылым деп, таза- сууга, жолго жана башка иш- чараларга байма- бай аралашып жүргөн жигиттерге Алла ыраазы болсун жана Нур FM жамааттык мультимедиа борборуна дагы терең ыраазычылык»,- деп билдирди Нуриел Абышов.

Өз айылына көптөгөн жардамдарды берип жүргөн Нуриел Абышов

 

Москвадагы мекендештер 

Айыл тургуну жана айыл активисти Марлис Өмүрзаковдун билдирүүсүндө:

«Элибизге сыртта иштеп эмгектенип жүргөн балдарыбыздан Бакыт Асаналиев жолду оңдоп түзөөгө деп 5 000 (беш миң) сом марафонго деп 3 000 (үч миң) сом элибиз оорубасын деп концентратор дем алдыра турган аппарат жана дары- дармек жардам кылып берди, элибиздин атынан үй-бүлөсүнө терең ыраазыбыз.

Ошондой эле, Нуриел Кадышов жолго деп 5000 (беш миң) сом муктаж болуп турган адамдарга он үй бүлөгө азык-түлүк жана дагы Россияда иштеп жаткан балдарыбыз менен биргеликте чон жардамдарды көрсөтүп келе жатат.

Айдарбек деген жигитибиз Россияда иштеп жаткан балдарыбыздын башын бириктирип, уюштуруучу катары элибиз, бир туугандарыбыз оорубасын деп 170 000 (жүз жетимиш миң) сом акчалай жардам көрсөтүштү. Буга чейин дагы көптөгөн жардамдарды берип келе жатышат. Россияда иштеп жүргөн азаматтарга элибизден терең ыраазычылык билдиребиз.

Элибизге толук маалымат жетиш үчүн Элдияр Мусурбаев агабыз көптөгөн жардамдарды көрсөтүп келе жатат. Мечиттин тегерегин курчоого жана спорт залына 500000 (беш жүз миң) сомго тренажердук тетиктерин айылга COVID-19 башталган учурда муктаж болгон адамдарга азык-түлүк антисептик маскаларды берип жиберди. Азыркы оор абалда дагы 10000 (он миң) сом акчалай жардам берди. Элибизге эбегейсиз чоң иштерди кылып келе жаткан Тасма айылыбыздын жаштарына, активисттерине дагы ыраазычылык билдирип кетсем.

Орозакун Солтобаев, Кенжебек Бейшембиев, Кадырбек Шаймергенов, Жапар Туйукбаев, Улан Намазбаев, Алмаз Дүйшебаев, Шайырбек Сопиев, Изат Молдобаев, Ырыскелди Байсариев, Эрлан Тойтоев, Нурбек Токталиев, Жаныбек Жекеев.

Азыркы учурда элибизге чоң иштерди кылып келе жатабыз, алдыга койгон максаттарыбыз бар, биз аткарганга даярбыз»,- деп билдирди Марлис Өмүрзаков.

Марлис Өмүрзаков- Тасма айылынын тургуну

 

Тасма айылынын активисттери

Эскерте кетсек, алыскы аймактарда туулуп-өскөн жана чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн уул-кыздар оорунун күч алган мезгилинде айылдарына көптөгөн жардамдарды көрсөтүп жатышты.

 

Гүлназ Жумагулова, Аяна Жайлобаева