"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Эстен кеткис жайкы эс алуу

25 Август 2020 жыл 20:42
Көрүүлөрдүн саны: 146

Бул жайкы эс алуу карантин учуруна туура келип калды. Көпчүлүк адамдар үйдөн чыкпай, убактыларын үй бүлөсү менен өткөрүштү. Алдыга койгон пландардын баары болбой калды, бирок ошого карабастан жайкы эс алууну жакшы өткөргөнгө аракет кылышты.

Куштарбек Намазбаев кызы менен


4-классынын окуучусу Айдеми Барктабасова
«Мен бул жайкы эс алууну жакшы да жаман дагы өткөрдүм. Жакшы жагы тай энемдердикине барып, көлгө түшүп келдим. Жаман жагы көп жактарга барбай калдым. Мурунку жылдары жакшы каникулдагам. Апам, атам мага абдан жардам беришти. Менин жайкы эс алуумду жакшы өткөргөнгө аракет кылышты. Мени курортко алып барышты. Биз кечкисин үй бүлөбүз менен чогу китеп окуйбуз. Эржан авам «Брайан Трейси» деген китепти, Мекен авам «Ойлон ойгон», апам Саидмурат Давлатовдун китептерин окуйт. Мен дагы апам менен чогу окуйм. 3-класстагы китептеримди кайра кайталап окудум. Атам биздин окуганыбызга көзөмөл болуп, мен окуганда жардам берип, угуп, тууралап турат.

1-классынын окуучусу Диана Жайлобаеванын айтуусунда «Биз быйыл каникулдаган жокпуз. Тоого, көлгө, токойго барбай калдык, карантин болуп. Оору бүтүп калса экен. Мага бул каникул жаккан жок».

Кыздар бул жайкы эс алууда апаларына көп жардам берип жатышты

8-классынын окуучусу Кайрат Женишбековдун билдирүүсүндө «Бул жайкы эс алуу карантин учуруна туура келип калды. Биз дагы эч жакка чыкпай үй бүлөбүз менен убакытыбызды өткөрдүк. Мектепке дагы барбай аралыктан окудук. Эшике чыксак беткап тагынып, антисептик себинип жүрдүк. Үй бүлөбүз менен Чолпон-Атага эс алалы деп айтканбыз ал жакка да барбай калдык. Алдыга койгон пландардан баары болбой калды. Үйдөгүлөргө жардам берип, өзүбүздү өнүктүрүү үчүн китептерди окуп, үйдөн чыкпай аттык.

Кээ бир балдар интернетти туура жакка пайдаланылып, кагаздан жакшы нерселерди жасашууда


Айыл тургуну Куштарбек Намазбаев «Былтыркыга салыштырмалуу быйыл жайкы эс алууну үй бүлөм менен үйдө өткөрдүк.Себеби вируска байланыштуу үйдө болууга туура келди.Үйдө эле олтурбастан үй бүлөмду жайлоого алып барып келдим,ден соолукка пайдалуу кымыз жана бээнин сүтүн ичип эс алууга барып келдик.Эс алууда жубайым экөөбүз балдарыбызга окууларына даярдануусуна жана кошумча сабак окутууга жардам берип жатабыз.Бош отурбастан үй бүлөм менен отуруп интернеттен кызыктуу нерселерди колго жасап,убактыбызды кызыктуу өткөрүп жатабыз.
Даярдаган:Гүлназ Жумагулова