"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Элеттиктер оорудан сактануу эрежелерди бузууга дуушар

29 Август 2020 жыл 12:00
Көрүүлөрдүн саны: 107

Пандемия учурундагы оорунун алдын- алуу жана андан сактануу талаптарына айрым айыл тургундары жооп берсе, айрымдары жооп бере алган жок. Анткени, айылдагы жашоо-тиричиликтен улам адамдар бири- бири менен баарлашып, мамиле түзүүсү керек. Жер айдоо, мал багуу жана башка жумуштар күч алып турганда айыл тургундары эрежелерди бузууга да дуушар болушту.

Жеңиш Кыдырбаев Тасма айылынын тургуну:

Жеңиш Кыдырбаев- Тасма айылынын тургуну

«Менин оюмча айылдыктар эч кандай талаптарга деле толук жооп берген жок. Айылдагы жашоо тиричилик, айылдан көбүнчө дыйканчылык кылат, мал чарбачылык кылат. Эрежени сактайт элем деп өзүнүн дыйканчылыгын октотуп кое албайт. Ошон үчүн талапка жооп бере тургандай эреже сактаган деле жок. Сырттан келген адамдардан кооптонгон учурлар эле болбосо, айылдыктар бири- бирин билебиз дешип ишенип жатышты.»

 

Тасма айылынын медайымы Айгүл Маматова башында элдер эрежеге баш ийип, андан кийин эрежелерди сактабай аралашып кетишти деп эсептейт:

«Элеттиктер оору башталганда аябай эрежелерди сакташкан. Бирок кийинки толкунунда эч кандай реакция берип, эрежелерди так, туура сактады деп эсептебейм. Бир күндө 35-40 тан айыл жергесинде капельница коюп, элдерди дарылап атканбыз. Ошол учурда катуу күч алган. Ошол учурда катуу болду эле, азыр кудайга шүгүр айыл тургундардын ден соолугу жакшы. Баягы курчуган абалдан чыгып калдык».

Айыл тургундарынын билдирүүсүндөй эле кээ бир адамдар эрежени сактоодо

Азыркы учурда айыл ичинде тургундар кайрадан аралашып, үйлөргө конокко барышып, беткап тагынууну таптакыр эле унутуп коюшкан.

 

Гүлназ Жумагулова, Аяна Жайлобаева