"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Айыл тургундары маалыматтык сабаттуулукка муктаж

29 Август 2020 жыл 12:43
Көрүүлөрдүн саны: 125

Оору күч алып жаткан учурда интернеттен келип жаткан маалыматтар айыл тургундарынын абалына зыян келтирген. Бул тууралуу айыл тургундары сурамжылоо учурунда ой бөлүштү. 

Жеңиш Кыдырбаев Тасма айылынын тургуну:

«Менин оюмча ар кимдин психологиясы моралдык жактан өзүнүн күчүнө жараша. Мисалы мен моралдык жактан өзүмдү күчтүү адаммын деп эсептейм. Мага интернеттеги эпидемия тууралуу келген маалыматар эч кандай таасир берген жок. Дайыма интернет колдоном. Бир күндө мынча киши ооруду, мынча киши өлдү деп күндө АКИпресске күндө келип атты. Алардын баарын эле окуган жокмун. Баары жараткандан болот деген чечимге келгем. Шаарда турган туугандарга сарсанаа болдук».

 

Жеңиш Кыдырбаев- Тасма айылынын тургуну

Кымбат Жаныбекова Түп айылынын тургуну көп маалымат кадимкидей таасирин тийгизет экен деген ойдо:

«COVID-19 жөнүндө интернет булактардан келип жаткан маалыматтардан угуп, окуп аткам. Андан кийин укпай да калдым. Анткени, менин жакын эле теңтушум, биздин кошуналардан да каза болуп атты. Жашы өтүп калган кишилерге жаман таасир этет экен да. Телевизор дагы көрбөгөнгө, вотсаптан келип жаткан маалыматтарды укпаганга аракет жасап аттым. Ден- соолукка кадимкидей эле таасир этет экен. Эми кудай өзү сактасын. Ушуну менен тынчып калса экен. Кайда барсаң эле ар кайсыны ойлоп коркуп калат экенсиң».

Кымбат Жаныбекова- Түп айылынын тургуну

Айыл тургуну Завира Атантаева оорунун алдын -алууда интернеттеги маалыматтар пайдасын тийгизди дейт:
«Бизге интернеттен келген, телевизордогу маалыматтар жакшы да жаман дагы таасир берип атты. Жакшы жагы болсо ооруну алдын алыш үчүн кандай нерселерди кылыш керек экенин көрсөттү. Жаман жагы болсо ооругандарды, каза тапкандарды айтып атты. Аягында тажап да кеттик. Интернетке кирсең эле оору, телевизор көрсөң да, көчөгө чыксаң дагы оору жөнүндө. Карып калган адамдарга терс таасирин тийгизип, стресс алгандары да болуп атты.

 

Айыл тургундары көбүнчө интернеттен маалымат алып жатышты

 

Айыл жергесиндеги маалымат булактарынын бири үналгы

Интернеттеги маалыматтардын чын-төгүнүн аныктап ишенүү абзел
Гүлназ Жумагулова