"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Видео: Айылдын чыгаан кыздары жардам сунушту

30 Август 2020 жыл 8:58
Көрүүлөрдүн саны: 146

Түп районунун Тасма айылында туулуп-өскөн кыздар колдорунан келген жардамын көрсөтүп, туугандарынын, мед айымдардын, айыл тургундарынын ыраазычылыгын алышты.

Майрамкүл Аскатбек кызы кайрвмдуулук иши боюнча маалымат берди:
«Тасма айылына кайрымдуулук ишин 1991-жылкы кыздардын уюштуруусу болгон. Ошонун ичинен дагы бизден кичинекей кыздар дагы кошулушкан.

Кундуз Эркинбаева, Нурсел Кеңешова, Жазгүл Турусбекова, Айзада Жолдошбекова, Айжан Алымова, Майрам Аскатбекова, Айнура Кадыракун кызы, Кайыркуль Амангул кызы, Акжолтой Сыдыкбекова, Гүльназ Бердалы кызы, Акылай Өмүрбек кызы, Бурулча Куандыкова, Айжаркын, Асылбекова, Айдай Амантурова, Акжолтой Майрамбекова, Жаркын, ушул кыздар болуп айылыбызга жардам бердик.

Өзүбүздүн айылга дары- дармек алып берели деп сүйлөшкөнбүз. Андан кийин мед айымдардан сураганбыз эмнелер керек деп. Дарылар көп келген ооруканадагы кем- карчыларды алып берсеңер деп айтышкан. Кундуз Эркинбаева айылыбызга кичине болсо да жардам бербейлиби, аппараттар жетишсиз болуп атыптыр деди. Мед айымдардан сураганда, кирлерибизди үйгө алып барып жууганга шарт болбой жатат. Кир жуугуч машина, үтүк болсо дешкенинен кир жуугуч машина, үтүк, кургаткыч, халат алып бердик».

Мед айымдар, активисттер жана 1991-жылкы кыздар

Айыл активисти Рыскелди Байсариев ыраазычылыгын билдирди:

«Айылдын активисттери сырттан келген жардамдарды ооруканага өткөрүү боюнча иштерди кылабыз. Кыздардын кылган иш аракеттерине да күбө болдук. Кыз бала болсо дагы, канатын күүлөп башка жакта жүрсө дагы, ушул киндик каны тамган Тасма айылын унутпай, жардам берип жатканына терең ыраазычылык. Ушул кыздарды багып өстүргөн ата-энелерине терең ыраазычылык».

Тасма айылына мигранттар туулуп-өскөн айылына жардамын беришти

Гүлназ Жумагулова