"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Элеттик мугалим Ороз Саадабаев «Кадырлуу эмгек каарманы» болду

1 Сентябрь 2020 жыл 0:51
Көрүүлөрдүн саны: 520

Түп районунун Тасма айылынын тургуну, көп жылдык мугалимдик эмгек тажрыйбасы бар инсан Ороз Саадабаев Эгемендүүлүк майрамына карата сыйланды. Сыйлыкты  Райондук администрация башчысы Бактияр Акимбаев тапшырып, «Түп районунун кадырлуу эмгек каарманы» медалын берди.

Түп районунун акими- Бактияр Акимбаев жана Ороз Саадабаев

«Эгемендүүлүк күнүнүнүн 29 жылдыгына карата «Түп районунун кадырлуу эмгек каарманы» деген медаль менен сыйландым.

1981-жылы Караколдогу мамлекеттик педагогикалык институтунун география факультетин бүткөм. Ошол мезгилде Талас облусунун Токтогул районундагы Кара Көл айылында эмгек жолумду баштагам, география мугалими болуп. Ал жакта төрт жыл иштедим. Андан кийин өзүбүздүн Тасма айылга келип, 35 жыл Асан Сопиев атындагы Тасма орто мектебинде иштеп келем.

1992-жылы Окуучум Кундуз Шалтабаева Республикалык олимпиадада география сабагынан 2-орун алган. 1994-жылы Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлангам.

1995-жылы «Эл агартуу отличниги» деген наамды алгам.

Көптөгөн окуучуларды олимпиадага даярдап, коомдук иштерге катышып, райондук, облустук билим берүү тармактарынын, акимиаттын грамоталары менен сыйлангам.

10-15-жыл катары менен шайлоо комиссиясында катчы, төрага болуп иштеп, борбор шайлоо комиссиясынын Ардак грамотасы менен дагы сыйландым.

Быйылкы жылы көп жылдык эмгектерди баалап берди».

Райаким тарабынан тапшырылган медаль

Мирболот Саадабаев, Ороз Саадабаевдин улуу баласы. Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицери болуп иштейт. Ал атасынын үй-бүлөдөгү кадыр- барктуу инсан экендигин баса белгиледи:
«Үй- бүлөдө эң мыкты ата. Эмгекчил, чарбачыл. Бош отурганын көргөн эмеспиз. Неберелердин эң жакшы көргөн адамы. Атамдын бизге эң көп берген насааттарын бири, ынтымактуу болгула. Бирөөнү алдабагыла. Бизге арам нерсе жакпайт. Эмгекчил болгула, жалкоо болбогула. Ден соолугуңарды карагыла. Жайдыр- кыштыр баш кийим кийгиле. Бутуңарды жылуу кармагыла. Мушташпагыла. Башыңарды анан тишиңерди сактагыла деп көп айтчу.

Биз кичине кезде өзү үй курган. Ошол учурда мектептин курулушу жүрүп, ал жакта да иштеп келчү. Сопиев Асан агай мугалимдерди да мектептин курулушуна салган. Андан кечинде келип, свет коюп алып, түнү менен дран уруп чыкканына күбө болгонбуз.

Түн ичинде сабак жазат. Аз уктачу экен. Бизди анда санда эле чектен ашып кеткенде акырын эле чаап койгону болбосо, такыр урган эмес. Абдан баласаак. Эч кимге жаманчылык кылып, жаман көрүнгөн жок. Бир кишиге карыз болуп көргөн эмес. Өмүрүндө тамеки чегип, ден- соолукка залал келтире турган жана балдарына тескери таасир бере турган жорук кылыктарды кылган эмес.

Эч ким менен урушпастан баары менен жакшы мамиледе. Атамдын көптөгөн окуучулары ушул күнгө чейин география сабагынан Республикалык олимпиадаларга катышып, жакшы орундарды багындырууда».

Ороз Саадабаев жубайы Асылбүбү Ишенова менен

Ороз Сааадабаев аталган мектепте 35 жылдан бери үзгүлтүксүз иштейт.

 

Энелер мектебинин негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов
Гүлназ Жумагулова, Аяна Жайлобаева