"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Бала- бакчалардагы балдар да онлайн окууга дуушар

17 Сентябрь 2020 жыл 0:15
Көрүүлөрдүн саны: 196

Пандемия бала- бакчага барган балдардын жашоосуна да таасирин тийгизди. Бакчадагы балдар дагы онлайн аркылуу билим алууга дуушар болушту. Кичине балдар телефон колдонууну билбей, сабактарга катыша албай жаткан учурлар көп. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тасма айылынын тарбиячылары балдардын абалы тууралуу ой бөлүштү.

Бакчадагы балдар дагы телефон аркылуу билим алып жатышатБала бакчанын 3 сааттык тарбиячысы Элнура Саадан кызы балдардын телефон менен окуусу ден-соолуктарына да зыян келтирип жатканын, кичине балдарга башка бир туугандарынан телефон артпай калып, сабактарга катышпай калып жатканын билдирди:

«Дүйнө жүзүндө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу биздин балдар дагы онлайн сабак окуп жатышат. Балдар онлайн менен окууда телефондун жетишсиздиги, бир үйдөн 4 бала окуса бала бакчадагы балдарга жетишпей калат экен. Мурункудай эле калыпта балдар бала бакчага келип, окуган эле жакшы экен. Бизде балдардын баары эле катыша албай калып атты. Балдарга дагы өтө оор болду. Себеби, алар телефон дагы колдонгонду жакшы билишпейт. Өзүлөрүнө дагы терс таасирин тийгизет. Көнүгүүлөрдү аткарып, мектепке келип, эжейинин тарбиясын алып жатканы жакшы эле. Онлайн окуп артка кетип атат десем жаңылышпайм. Онлайн болгондо сабакты да жакшы түшүнө албай калышат экен. Эми мындай кырдаалга айласыздан гана барып аткан кез. Эгерде ушул оору тезирээк жоголуп кетсе, балдар мурункудай өз нугунда окуп калышса ой тилектерибиз чоң».

Тарбиячы Элнура Саадан кызы

Тасма айылындагы бала бакчанын тарбиячысы Гүлиза Касыбек кызы интернет байланышы начар болгондуктан, толук кандуу окута албай жатабыз дейт:

«Айыл жергесинде бала бакчалар онлайн тартибинде иштеп жатат. Оор эле болуп атат. Себеби, жетиштүү, жетишсиз жашап жаткан үй- бүлөлөр дагы бар. Эң негизги маселелер телефондун жетишсиздиги байкалууда. Көбүнчө онлайн түрүндө иштеп жаткандан кийин, балдарга биз тапшырмаларды берип жатабыз. Аткарып жиберип дагы атышат. Бизге интернет жетишсиздиги дагы көп болуп атат, интернет жакшы иштебей дагы калат. Көп материалдарды интернеттин жакшы иштебегенинен да толук жеткире албай калып атабыз. Өз тартибине келсе экен деп чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Бул нерсе күтүүсүздөн келгендиктен бизде дагы 100 пайызга даярдык жок экен. Ошентсе дагы аракет кылып жатабыз».

Тарбиячы Гүлиза Касыбек кызы

Ал эми Ат-Башыдагы биринчи класстын окуучулары «фильтрден» өтүп окушту
 

Гүлназ Жумагулова