"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: COVID-19 дүйнөнү титиреткени айыл тургундарынын эсинен чыкты

17 Сентябрь 2020 жыл 23:45
Көрүүлөрдүн саны: 166

Мурдагыдай той-топурлар көбөйүп, шаарларга көп барышкан айыл тургундары беткап тагынууну жана жеке коопсуздугун камсыздоо дегенди таптакыр унуткандай. Элдер тартипти жана аралыкты сактоону, антисептик колдонууну билип турса дагы аткаруудан баш тартышууда.

Адамдар аралыкты сактабай жатканын көрүүгө болот

Тасма айылынын тургуну Жылдыз Кадырова:

«Карантинде элдер сактанбай калышты, эч биринде беткап жок, үйлөрүндө олтурбай калышкан. Той-топурлар көп болуп жатат жана дагы шаарларга көп барышып, көчөдө көп жүрүп жатышат.»

Жазылып турган маалыматтарга карабастан эрежелер сакталган жок

Асел Байсариева Карасаев айыл өкмөтүнүн соц кызматкери элдер тартипти сактабай калышты деген ойдо:

«Таажы вирус жөнүндө айта кетсек, мунун биринчи этабы башталганда элдерде кандайдыр бир коркуу, кооптонуу деген сезим пайда болгон. Ал эми азыркы учур экөөнү салыштыра кетсек, аябай эле айырма көп. Себеби, азыркы учурда элдер вирустан коркпой калышты десек болот. Мисалы, мурункудай эле аш-тойлор өзүнүн нугу менен эле кетип, элдер көп чогулуп, тартипти деле сакташпай эле жана дагы беткап тагынган киши жок. Мурун болсо беткап тагынышып, антисептик колдонуп, адамдар бири-бирин кооптонуу менен карашчу. Азыр болсо аралыкты сактоо деген жок.»

Асел Байсариева- Карасаев айыл өкмөтүнүн соц кызматкери

 

Элзат Эсенгелдиева- Асан Сопиев орто мектебинин башталгыч классынын мугалими

Асан Сопиев мектебинин башталгыч классынын мугалими Элзат Эсенгелдиева:

«Август айынын аяк ченинде оорунун катталышы кескин түрдө азайып калды. Анткени интернет булактарынан жана инстаграмдан бул оорунун азайышы тууралуу маалымат алып турдук. Биздин айылда дагы элдер оорушту. Ооруган адамдардын 70-80 пайызы укол алып айыгышты. Ошол убактарда маска тагынышып, санитардык, гигиеналык эрежелерди сактап, жатышкан. Бирок азыр көп деле сактабай калышты. 1-класстардын окуучулары мектепке келип жатышат. Окуучулар болсо эрежелерди жакшы сактап жатышат.

 

Эртең менен балдар мектепке келген сайын дене табын текшерип жатабыз жана дагы тазалыкты сактап, аралыктан бир жарым метрден алыс олтурушат. Ал эми сырттагы элдер болсо санитардык гигиенаны сактабай жүрүшөт. Бир гана бейтапканаларда жана банкта беткап менен жүрүшөт.»

 

Сүрөтбаян: Ноокат районунун тургундарынын эрежелерди сактоосу
Гүлназ Жумагулова, Сезим Темирова