"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Ысык- Көл облусунун журналисттери сертификат менен сыйланды

17 Сентябрь 2020 жыл 7:42
Көрүүлөрдүн саны: 143

«Медиа диалог» долбоорунун каржылоосу менен өткөрүлгөн беш күндүк вебинарга катышып, сертификаттарын тапшыруу аземи болду.

 

Ысык- Көл облустук теле радио корпорациясынын журналисти Гүлбарчын Молдоева:

«Бул окуу журналисттер арасында өткөрүлгөн болчу. Ал онлайн форматында өткөн. Ысык- Көл областтык медиа борборунун айрым журналисттери, ошол эле учурда аймактарда иш алып барган кесиптештер катышкан. Окуу өзү «Чыр- чаттакка сезгичтик журналистика жана шайлоо мезгилиндеги журналистиканын ишмердүүлүктүн аспектилери» аталышында болгон. Окуунун аты айтып тургандай чыр чатактуу окуяларга кабылып калган журналист өзүн кандай алып жүрүшү керек? Аны кандай тартипте чагылдырып материалдарды даярдоо керек? Ошол эле учурда анын укуктары, кастык тилдерде колдонуу менен чыр чатакты ырбатып албоо, эки тарапты элдештирип, ынтымакка чакыруу сыяктуу көптөгөн багыттагы темаларга токтолуп, бул тармакта мыкты эксперттер тренингдерди өтүштү.

Бул окуунун улуттук медиация борбору жана «Медиа диалог» долбоорунун каржылоосу менен өткөрүштү. Мындай тренингдердин өткөрүлүүсү журналисттер үчүн абдан зарыл. Себеби, биз жеке журналисттер эле эмес кайсы тармактын адистери болбосун. Жаңылануунун үстүндө иш алып барып, тажырыйбалары менен алмашуу иштерин жүргүзүү, ошол эле учурда окуулардын өтүп туруубуз, иш билгилүүлүгүбүзгө өз таасирин тийгизбей койбойт деп ойлойм. Андыктан ушуга окшогон тренингдер өткөрүлүп турушун каалайт элем. Ошол тренингдер өткөрүлгөндө теория менен эле чектелбей практика иштерин дагы колго алышса деген ой пикирлеримди дагы билдиргим келет. Бүгүнкү күндө актуалдуу маселелерди козгогон маселелердин уюштурулганына абдан ыраазычылык билдирем. Улуттук медиация борборунун жетекчиси Сагынова Чайгүл Болотхановна өзү келип, сертификат тапшырып кетти. Ал эжекебизге дагы чоң рахмат.»

Медиа чөйрөнү жакшыртууга багытталган онлайн тренинг медиация тууралуу болду.

 

Гүлназ Жумагулова, Аяна Жайлобаева