Дүйнөлүк кырдаалга карабай жашоо өз нугунда өтүүдө тазалыкты алдыга койгон «Ысык-Көл жаштар клубу» коомдук бирикмеси тийиштүү иш чара өткөрдү. Болуп жаткан иш чарага 183 мамлекет катышат. Буга чейинки 2 жыл аралыгында Кыргызстан биринчи орунду алып келет. «Ысык-Көл жаштар клубу» коомдук бирикмесинин 900 мүчөсү катышып жатат.
«Ысык-Көл жаштар клубу» коомдук бирикмесинин азыркы учурдагы убактылуу төр айымы Жазгүл Самудинова.
«Бул ишти «Эко деми» коомдук фонду 3 жылдан берип алып барып келишет. Биз «Ысык-Көл жаштар клубу» коомдук бирикмеси быйыл экинчи жылы катышып жатабыз. Биздин уюм тарабынан баардыгы 900 киши катышты деп такталды. Бул иш чара башында «Таза Ысык-Көл» деген кыймыл менен гана башталган. Кийинчерээк кенейип өзүнүн кучагына бүткүл Кыргызстанды камтыды. Бул иш чарага дүйнө жүзүнөн 183 мамлекет катышат жана буга чейинки 2 жыл аралыгында Кыргызстан биринчи орунду алып жатат.
Мындай ийгиликтерди дагы да багынтабыз деген ишеничим чоң.»
Ысык- Көл облусунун журналисттери сертификат менен сыйланды
Аяна Жайлобаева