"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Коронавирус илдети менен айылдык медицина кандай күрөшүүдө?

24 Сентябрь 2020 жыл 10:03
Көрүүлөрдүн саны: 196

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тасма айылында оору күч алгандан бери медкызматкерлер тынымсыз иш үстүндө. Алар ооруган адамдарды дарылап, оору менен күрөш жүргүзүштү. Орру күч алганда жада калса беткап жок болуп, улам жууп тагынганга дуушар болушкан.

Тасма айылынын аймактык врачы Эльмира Бекбоевна

Тасма айылынын аймактык врачы Эльмира Бекбоевна.

«Пандемия убагында өзүңөр билип тургандай, ар бир жерде эле оорулар көп болду. Поликлиникалардын чамасы жетпей, ыктыярчылар айылдагы жаш балдар көмөк көрсөтүштү. Дары- дармектерди алып келип, жардамын көрсөтүштү. Күнүнө элүү алтымыш адамга капельница коюп жардамдарыбызды берип аттык. Оорунун экинчи толкуну болот деп жатпайбы. Эгер андай учурлар болсо биринчиге караганда өзүбүз камданып даярдыктарыбыз бар. Бардыгына эле айтып жатабыз. Коомдук жайларга барбагыла, өткөрбөгүлө, барсаңар жаңы аралыкты сактап, беткап тагынгыла, өзүңөрдү өзүңөр коргогула деп айтып эле атабыз. Көбүрөөк телевизорду көрүшсүн, оору жөнүндө маалыматтарды окушсун. Ооруну эрежелерин сактап турушсун. Эл өзүн өзү коргонсо эле жакшы болот.»

Тасма айылынын мед айымы Маматова Айгүл Каниметовна

Тасма айылынын мед айымы Айгүл Маматова

«Пандемия учуру абдан эле оор болду. Оору бат эле күтүлбөстөн келип калды. Бирин экин келип, бат эле көбөйүп, элдин баарынын үрөйү учуп, оорусак эле өлүп калат экенбиз деп, коркушуп, биз дагы ага даярдыгыбыз жок болчу. Чынын айтсак, бет каптарыбыз да жок эле. Ошондо бир беткапты кийип алып, кайра кайра жууп, ошентип жүргөн күнүбүз болду. Андан кийин эки жактан демөөрчүлөр чыгып, Москвадан өзүбүздүн мекендештерибиз акча салып, беткаптар, дары- дармектер, кол каптар келе баштады. Күн түн дебей медайымдар эмгектеништи. Колдорунан келген жардамдарын берип, күнү түнү уколдорду сайып, оорулууларды көзөмөлдөп турушту. Пандемиянын экинчи толкуну болбой эле койсун. Эгер болуп калса, даярдыктарыбыз мурункуга караганда беткап, кол кап, антисептиктер бар. Дары- дармектер жаңы запаста туруп атат. Пандемиянын биринчи толкунунда биз дарылоо ыкмаларын бизге атайын колдонмолор берилген эмес. Алар кечирээк келип калган. Дарылоонун ыкмаларын эми эрте үйрөтүп, окутуп жатышат. Окуулар болуп атат. Оору жөнүндө тест дагы тапшырдык. Даярдыктар азырынча жетиштүү.»

Медайымдардын талыкпай иштеп жаткандагы учуру

Тасма айылы: Пандемия чоң ишкердикке түрткү болду
 

Гүлназ Жумагулова