"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Жаш уландардын алгачкы аскердик каттоого алуу үчүн мед көзөмөл жүрдү

25 Сентябрь 2020 жыл 21:42
Көрүүлөрдүн саны: 107

Карасаев айыл өкмөтүнүн 2005-жылкы балдарын алгачкы медициналык көзөмөлдөн өткөрүү болду. Элмира Бекбоева жана Тасма айылынын мед айымдары, аскердик каттоо инспектору, АЧД мугалимдери менен уюшкандыкта иш алып барышты.

Тасма айылынын аймактык врачы Элмира Бекбоева:

«Бул жакка жумасына эки жолу келип карап турам. Бүгүн 2005-жылкы балдарды медосмотрдан өткөрүп, келечекте армияга барчу балдардын ден соолуктарын текшерип, эртерээк оорулары болсо эмдөөгө текшерип жатабыз. Жалпысынан бир жылда отуз төрт бала өтөт. Анын ичинен эски оорулары менен турган учетто балдар жок. Жеңил желпи эле анимия, эмдөлүүчү оорулар да. Азыр убактылуу ремонтко байланыштуу бала бакчанын кабинеттеринде иштеп жатабыз. Баарын эле өзүбүз өткөрөбүз, эгерде биздин колубуздан келбегени болсо, текшерилүүгө бара турган балдар боло тургандарын, аларды жолдомо жазып жиберебиз. Мисалы, бүгүн бир баланы жиберип жатам. Кардиологго кайрылыш керек экен. Бир жерлери сынгандары бар боло турганын консультация травматологго жиберем. Анализдеринин баары өзүбүздөн алынат.»

Тасма айылынын аймактык врачы Эльмира Бекбоевна

Коенкөзов атындагы Токтоян орто мектебинин АЧД (Аскерге чейинки даярдоо)мугалими Кадыркул Асанбаев:

«Бүгүн балдарды медосмотрдан өткөргөнү алып келгенбиз. Эки жылдан бери ушул Тасма айылындагы ФАПка келип доктурлар карашат. Рахмат айтат элек, башка учурларда мурунку жылдары Түпкө барып абдан убара тартып, кезек күтүп кыйналчубуз. Көп мектептер болуп, кечке чейин жаш уландар менен ачка- ток турганыбыз али күнчө эсимде. Азыр болсо бул жакка алып келип, эки жылдан бери жакшы тейлеп атышат. УДТнын доктурларына, уюштургандарга ыраазычылык билдиребиз. Пандемия учурунда жакшы иш- чара кылып атышат.

Коенкөзов атындагы Токтоян орто мектебинин АЧД (Аскерге чейинки даярдоо)мугалими Кадыркул Асанбаев.

Элеттик мугалим Ороз Саадабаев «Кадырлуу эмгек каарманы» болду
 

Гүлназ Жумагулова