"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Балбак Түлөбаев жаштарга алкыш баракчасын тапшырды

27 Сентябрь 2020 жыл 23:15
Көрүүлөрдүн саны: 159

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев жаштарды колдоо максатында, жаштардын карантинде кылган иштерине ыраазычылыгын билдирип, алкыш баракчаларын тапшырды.

Алкыш баракчаларын алган активисттер жана Балбак Түлөбаев

«Ысык- Көл жаштар клубу» коомдук бирикмесинин убактылуу төр айымы Жазгүл Самудинова:

«Бүгүнкү иш- чара Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу окулу Балбак Түлөбаев Зарлыкович тарабынан уюшулду. Жаштарды колдоо максатында, пандемияда кылган иштерине ыраазычылыгын билдирди. Алкыш баракчалары «Ысык-Көл жаштар клубу» коомдук бирикмесинин активдүү мүчөлөрүнө берилди. Иш чара мыкты денгээлде өттү. Жаңы келген губернатор өзүнүн алдыда кыла турчу иш чаралары менен тааныштырды. Жаштарды мекенди сүйүүгө чакырып өзүнүн кеп кеңештери менен бөлүштү»,- деди.

«Менде чоң толкундануу болду. Себеби, даражалуу адамдын колунан сыйлык алуу бардыгына эле буйра бербейт. Ойлогон эмесмин. Бирок ар бир адамдын коомго кылган эмгектери бир күнү бааланат деп ишенем. Бул мен үчүн чоң сыймык»,-деди Адина Молдоташова.

Айыл жаштары жана чет жердегилер ФАПка жардам көрсөтүштү

Гүлназ Жумагулова, Аяна Жайлобаева