"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Жаңы окуу жылындагы аргасыздык абал

27 Сентябрь 2020 жыл 22:02
Көрүүлөрдүн саны: 136

Жаңы окуу жылында онлайн окуу болгондугуна байланыштуу ата-энелер балдарынын тартибине жана коопсуздугуна кам көрүп жатышат. Окукчулар сабактарга жакшы катышпай, телефондон көңүлдөрү калды. Ошондой эле интернет жеткиликтүү болбой жатат. Бул абалдын чыгууну айыл тургундары абдан күтүшүүдө.

Балдардын онлайн окуп жаткан учуру

Асан Сопиев атындагы Тасма жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими- Назира Өмүрзакова.

Асан Сопиев мектебинин мугалими Назира Өмүрзакова азыр ата- энелер да балдардын окуусуна кайдыгер карап калышты окшойт деп билдирди:

«Пандемия жаңы башталган кезде бизде окутуу абдан эле оор болду. Ата-Энелер менен байланыша албай калдык, болгону ватсап аркылуу эле сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болду. Окуучулар телефон жана телевизор аркылуу окуп жатышат. Теле сабак аркылуу балдарды окутуу биз үчүн оңой болду десек болот, ошентсе деле окуучулар менен бетме-бет байланыша албай, кыйынчылыктар болуп жатат.

Башында окуучулар милдеттүү түрдө окуш керек экен деп жакшы окушуп, жакшы байланышып жатышкан, азыр болсо көп байланышпай, ата-энелер дагы кайдыгер сыяктуу болуп калышты. Ар бир үйдө, ар бир окуучуда телефон бар боло бербейт. Кээ бир окуучулардын үйүндө телефон же телевизор жок болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан ата-энелерде дагы кыйынчылыктар бар.

Мисалы: бир үй бүлөдө төрт беш бала окуйт. Күз мезгили болгондугуна байланыштуу жумуштар көп, ата-энеге дагы телефон керек болуп айрым окуучулар кечкисин окуганга туура келип калат.

Окуучулардын сабак окубай калгандарынын себеби телефондон тажашты десем болот. Эгерде пандемия болбогондо мындай болмок эмес деп ойлойм».

Асан Сопиев атындагы Тасма жалпы орто билим берүү мектебинин 11-классныны окуучусу- Назми Темирова.

11-классынын окуучусу Назми Темирова онлайн сабактын дагы жакшы жактары бар экенин белгилейт:

«Пандемияга байланыштуу азыркы учурда онлайн сабак өтүп жатабыз. Менин үй- бүлөмдө телевизор, уюлдук телефон жетиштүү. Азыр интернет жакшы иштебей жатат. Ушул жагынан кыйналыштар бар. Сабактарды толук окуп жатабыз. Эгерде кайсы бир теманы түшүнбөй калсак эжей, агайларыбыз ватсап аркылуу түшүндүрүп берип жатышат. Онлайн сабактын дагы жакшы жактары бар экен. Мисалы, мени жана бир туугандарымды ата-энем сабак үстүндө көзөмөлдөп турушат. Бөбөктөрүмдүн түшүнбөгөн сабактарына жардам беришип, күн сайын бааларыбызды карап турушат».

Асан Сопиев атындагы Тасма жалпы орто билим берүү мектеби

Онлайн окуу. Эффективдүү билим алуу үчүн кеңештер 

 

Гүлназ Жумагулова, Сезим Темирова